Домой Саясат Эки аскердин абалы өтө оор, 6 жай тургун жаракат алды

Эки аскердин абалы өтө оор, 6 жай тургун жаракат алды

63

Кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан алдын ала маалымат боюнча эки чек арачы, Максат айылынын алты тургуну, анын ичинен 14 жаштагы бала жаракат алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

«Айыл тургундарынын абалы орточо оор, бир чек ара кызматкеринин абалы өтө оор, башынан жарадар болгон. Экинчисинин да абалы өтө оор, октон жаракат алган. Учурда Максат айылында жалпысынан төрт тез жардам иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Жарадарлар тез жардам менен Кулунду жалпы дарыгерлик-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Андан соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлдү.

Лейлек аймактык ооруканасынан дарыгерлер тез жардам унаасы менен окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Баткен облустук ооруканасынан хирург, травматолог жана реаниматолог реанимобиль менен жолго чыкты.

Булак: Спутник