Домой Саясат Эки айда 140 ишкерге кылмыш иши козголгон

Эки айда 140 ишкерге кылмыш иши козголгон

12

2021-жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстандагы 140 ишкерге кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтканына караганда, мурдагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын январь айында 100, февраль айында 40 жеке ишкерге кылмыш иши козголгон.

Улукбек Марипов жыйын учурунда укук коргоо органдарынын ишкерлерге жасаган иштерин сынга алып, президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди колдоо боюнча жарлыгын эске салды.