ИИМдин мурунку кызматкери Казыбек Бапышов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бапышев 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
«Бул окуядан кийин Чүй ОИИББинин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек ШИИББинин милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган. Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», — деп жазылат маалыматта.
Булак: elgezit