2020-жылдын 20-июнунда КР нын Малайзиядагы элчилигинде, элчиликтин дип кызматкерлери, Кыргызстандыктардын Малайзиядагы диоспорасынын жетекчилери, Малайзияда убактылуу жашап жана окуп жүрүшкөн мекендештер өз ара жолугушту. Ушул жолугушуу боюнча элчи Азимбек Бекназаровду кепке тарттык:
-Азимбек Анаркулович, Малайзиядагы мекендештер менен элчиликтин жолугушуусу болгону тууралуу маалымат уктук Ал жерде кандай маселе чечилди? Эмне жөнүндө сөз болду?
-Негизи бул 3-жолку жолугушуу болду. Жолугушууда негизинен 2 маселе каралды. Биринчиси, КР өкмөтүнүн Малайзияда убактылуу жашап жана окуп жүрүшкөн студенттер, коронавирус тумоосунун айынан материалдык жактан кыйналып жардам сурашкан. Мекендештер үчүн Өкмөтүбүз тарабынан чегерилген акча каражаттарды атайын комиссия түзүп, ким реалдуу жардамга муктаж экенин аныктап, ошолорго жардамды адилеттүү болуп берүү болду.25 мекендешибиз кичине болсо да жардам алышты, негизинен студенттерибиз. Экинчи орчундуу маселе, Малайзияда окуу жайлары жылдын аягына чейин жабылып,андан аркысы да бүдөмүк болуп жатканына байланыштуу, окуп жүрүшкөн жаштарыбыз менен жалпы кеңешип, мындан ары эмне кылабыз? Кыргызстанга кайтабызбы же кетпей эле жакшы күндөрдү күтөбүзбү?-деген маселени талкууладык. Аягында жылдын аягында да эмне болот, белгисиз болгондуктан жаштарыбызды уюшкандыкта, атайын бир чартердик самолет жалдап, Кыргызстанга түз учурууну чечтик. Буйруса 30-июнга чейин 100 го жакын студенттерибизди жана жарандарыбызды өз мекенибизге аман-эсен учуралы деп, бардык иш чараларды Бишкек менен кенешип жүргүзүп жатабыз.
-Узакка созулган төрт айлык карантин мезгилинде Малайзиядагы мекендештерибизден коронавируска чалдыккандары болдубу?
— Кудайга шүгүр, мекендештерибиз ооруган жок, так ушундай сопсоо абалда жаштарыбызды мекенибизге, ата-энелерине жөнөтсөк деп тилек кылып жатабыз.
Булак: Багыт