Домой Маек Эдил Осмонбетов: «Кумтөрдү» ыпылас саясый оюндарга аралаштырбашыбыз керек

Эдил Осмонбетов: «Кумтөрдү» ыпылас саясый оюндарга аралаштырбашыбыз керек

43

Эдил Осмонбетов

colchicine products for sale. Президент Алмазбек Атамбаев 12-сентябрда премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алып, өкмөттүн “Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Акыркы жолу өкмөттүн “Кумтөр” боюнча келишимин кандай баалап жатасыз?

 Мен билгенден өкмөт менен “Центерра Голд Инк”  компаниясынын ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык Макулдашуу Кыргызстан үчүн бир топ пайдалуу болду. Анткени, жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражаты  310 миң АКШ долларынын 3 млн. АКШ долларына чейин өсөт экен. Бул Кыргызстан үчүн жеңиш. Андан сырткары АМЕС эл аралык уюмуну көрсөтмөсүн ишке ашыруунун алкагында айлана чөйрөнү коргоо жана кендин өзүндөгү иш-чараларды  каржылоо  кеңейтилгени жатыптыр. Бул да жакшы нерсе. Сүйлөшүүлөр ушундай темп менен уланса Кыргызстандын кароосуз калган кызыкчылыгы жеткиликтүү эле корголот деп ишенем.

 Өлкө башчысы “Кумтөр”  ыпылас саясый оюндардын предметине жана туруксуздуктун факторуна айланбастан, мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына натыйжалуу иштеген чыныгы  экономикалык долбоор болушу керектигин айтты. “Кумтөрдү” бетке кармап кызылкулактык кылган айрым саясатчыларды канткенде тыя алабыз?

 Кыргызстан президенттик шайлоонун астында турат. Албетте, кээ бир саясатчылар, айрым күчтөр кырдаалды курчутуу үчүн ар кандай темаларды көтөрөт. “Кумтөр” да шайлоого карата тема болуп, аны саясатташтырышы мүмкүн. Бирок, ортодогу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү уланып, Кыргызстанга түшкөн пайданы эл секзе баштаса эч кандай аракет жардам бере албайт. Саясатчылар бул маселени көтөрүп элдин көңүлүн ала албай калат. Ошентсе да азыр “Кумтөр” эмес, президенттик шайлоо негизги тема.

Президент айткандай эле “Кумтөрдү”  ыпылас саясый оюндардын предметине айландырбашыбыз керек. Экономикалык маселелерди саясатташтыруу менен пайда таппайбыз.