— Тышкы иштер министрлиги казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Өмүрбек Бабановду кабыл алганына байланыштуу 20-сентябрда Казакстанга нааразычылык нотасын жөнөткөн. Казакстан Кыргызстандын нотасына жооп берип, ага таң калуусун билдириптир. Сиз мындай кайым айтышууга кандай баа бересиз?
— Биринчиден, Кыргызстан эгемендүү мамлекет жана президентти кыргыз эли тандайт. Эч бир өлкөнүн лидерлери биздин ички ишибизге кийлигишкенге акысы жок. Бул дүйнөлүк практика. Мисалы, АКШдагы президенттик шайлоого Россия кийлигишти деген маалымат бир жылдан бери ызы-чуу менен коштолуп келет. Андыктан казак президентинин Бабановду кабыл алганы туура эмес болуп калды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасын өз убагында көрүлгөн чара катары баалайм. Назарбаев Бабанов менен жолукпашы керек болчу.
— Казакстандын Тышкы министрлиги Н.Назарбаев 14-августта президенттикке талапкер, экс-өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен дагы ушундай эле жолугушуу өткөргөнүн айткан. Бирок, С.Жээнбеков ал кезде өкмөт башчысы катары ЕврАзЭСтин жыйынына катышкан экен. Бабанов менен Жээнбековдун жолугушуусунун айырмасы барбы?
— Туура, 14-августта Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысы катары Назарбаев менен жолуккан. Казакстандын жиберген нотасын мен да окуп чыктым. Анда бир топ саясий түшүнүксүз нерселер бар экен. Алардын Назарбаев президенттикке талапкер, экс-өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен дагы ушундай эле жолугушуу өткөрүлгөн дегени аргумент боло албайт.