— Эдил мырза, 28-февралда Кыргызстанга Россиянын президенти В. Путин келип кетти. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда акыркы 6 жылдын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле жакшырганы айтылды. Бул боюнча кандай комментарий бере аласыз?
— Албетте, чындыгында эле А. Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына келиши менен Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы мамиле байкалаарлык жакшырды. А. Атамбаев бийликке келген учурдун башында албетте маселелер болгон, бирок алар жакшы жагына өзгөрдү. Эгерде биз экономикалык жардамдарды, кредиттерди алганыбызды жана эң башкысы Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенин алсак, бул эки өлкөнүн ортосундагы ишенимдүү мамилени көрсөтүп турат. Кыргызстан бирдиктүү интеграциялык айдыңга кошулушу менен Кыргызстандын, Казакстандын чек аралары өзүнчө мамлекеттердин чек аралары эмес, жалпы ЕАЭБдин чек аралары болуп калды.
— Кыргызстан Россияга көбүрөөк ыктап атат деген пикирлерге кандай карайсыз?
— Албетте, кандайдыр бир деңгээлде биз геосаясый планда Россиянын сырткы саясый векторунда баратабыз, бирок улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен. Бул дагы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жакшырганын көрсөтүп турат.