cialis 20 mg name brand. 19-июнда президент Алмазбек Атамбаев Россияга мамлекеттик сапар менен барып, 20-июнда кеңири курамдагы жыйында эки тараптуу 11 документке кол коюлду, муну менен Кыргызстандын бардык карызы кечилди. Учурда президенттин сапары уланууда.
А.Атамбаевдин Россияга жасаган бул мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы, жетишилген келишимдердин келечеги тууралуу эл аралык иштер боюнча эксперт, саясат таануучу Эдил Осмонбетов орус тилдүү маалымат агенттиктеринин бири аркылуу ой бөлүштү.
Эксперттин айтымында, бул Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенден берки Россияга жасаган биринчи жолку мамлекеттик сапары. “Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, Россия Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш мамлекет катары белгилеп жатат. ЕАЭБге мүчө экенибизди эске алганда Кыргызстандын Россия менен мамилени бекемдөөсү өзгөчө мааниге ээ. Президенттин мамлекеттик сапары дагы бир жолу Россия менен биздин стратегиялык өнөктөш, дос мамлекет экенибизди тастыктады. Анын үстүнө бул сапар узактыгы менен да айырмаланууда”, — дейт ал.
Э.Осмонбетов эл аралык иштерде, дипломатиялык практикада мамлекеттик сапар ар кандай түрдө болорун айтат. “Мисалы, кыргыз-орус мамилеси кылымдардан бери уланып келет. Президенттин мамлекеттик сапарынын узак мөөнөткө белгиленгени жакшы көрүнүш. Анткени, сапар учурунда саясый эле эмес, экономикалык, социалдык жана гуманитардык маселелер талкууланат”, — дейт эксперт. Ошондой эле саясат таануучу Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн белгилеп өттү. “Муну менен кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын тереңдетүүгө жол ачылат”, — дейт Э.Осмонбетов.
Эксперт дүйнөлүк практикада мамлекеттик сапарларда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн саясый же экономикалык маселелер талкуулана турганын айтат. Ал Атамбаевдин Россияга болгон сапарында орустар ортодогу мамилеге өзгөчө маани бере турганын көрсөткөнүн белгиледи.
Э.Осмонбетов Россиянын кыргыз президентин жылуу кабыл алганын учурдагы кыйчалышкан геосаясый кырдаал жана чиелешкен геосаясый абалга да байланыштырат. “Биз дүйнөдөгү геосаясый абал кандай болуп жатканын көрүп турабыз. Анын кесепети эмне болорун эч ким билбейт”, — дейт ал.
Саясат таануучу Россияга карата Батыштын санкцияларынын узартылып жатканын айтып, Азияга басым жасала баштаганын белгилейт. “Санкциялар эмне менен аякташы мүмкүн? Муну менен Россия тышкы экономикалык багытын Борбор Азияга, Азиянын башка мамлекеттерине бурат. Акыркы учурларда Россия Кытай менен активдүү кызматташтыкты колго алып, ШКУнун алкагын кеңейтүүнү максат кылууда. Андыктан баарын кеңири планда кароо керек. Албетте, бул жерде Кыргызстандын ролу чоң болот. Анткени, Кыргызстансыз Өзбекстан менен кандайдыр бир интеграциялык процесстерди ишке ашыруу мүмкүн эмес”, — дейт ал.
Россиянын карызды кечүү маселесине токтолгон Э.Осмонбетов аны эки өлкөнүн достук мамилесине байланыштырат. Ал дүйнөдө мындай жолугушуулар чанда болорун айтат. “Россия карызды кечүү аркылуу Кыргызстан менен саясый, экономикалык мамилеге өзгөчө маани бере турганын далилдегиси келди. Башка мамлекеттер насыя берип, аны кайра толугу менен кечүүсү мүмкүн эмес. Кыргызстандын карызыгын Түркия менен Россиянын гана кечип жатканын көрүп жатабыз”, — дейт ал.
Атамбаевди Россиянын салтанаттуу тосуп алышын эксперт жогору баалады. “Мындай көрүнүштү буга чейин Өзбекстандын 1-президенти Ислам Каримов Россияга барганында көргөнбүз. Ал эми Атамбаевди ушундай сый менен тосуп алышынан Россия тараптын Кыргызстанга өзгөчө маани берип жатканын түшүнсөк болот”, — дейт саясат таануучу.
Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн бюрократияны жоюу керектигин айткан эксперт бул үчүн атайын кадамдар жасалышы керектигин кошумчалады. “Бул мамлекеттик сапардан кийин кол коюлган документтер ишке ашса жакшы. Анткени, мамлекеттин лидерлери абдан маанилүү мамлекеттер аралык документтерге кол койгону менен бюрократиялык тоскоолдуктардан улам өлкөнүн геоэкономикалык абалына терс таасирин тийгизет. Керек болсо мындай көрүнүш ЕАЭБдин алкагында да болуп келет. Ал эми убакыт тез өтүп кетет. Андыктан биз дүйнөдөгү процесстерди тез өздөштүрүшүбүз керек. Мунсуз кырдаалды өзгөртүү мүмкүн эмес”, — дейт Э.Осмонбетов.
Саясат таануучу эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык кызматташтыкка токтолуп, учурда бул маселе бирдиктүү гуманитардык мейкиндик түзүү этабында турганын айтат. Ошондой эле Э.Осмонбетов аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду. “Ар кандай экстремистик, террористтик, сеператисттик коркунучтар кандай кесепеттерди алып келерин биз билбейбиз. Ошондуктан шериктеш мамлекеттер жаңы чакырыктарга даяр турушу керек. Жакынкы Чыгышта, Афганистанда эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгы ушул маселеде да маанилүү”, — дейт ал.
Э.Осмонбетов Россияда иштеп жүргөн мигранттардын маселеси да негизги тема экенин айтып, алардын абалын жакшыртуу зарылчылыгына токтолду. “Бул маселе канчалык көтөрүлгөнү белгисиз болгону менен абдан актуалдуу нерсе. Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине 120 миң кыргызстандык түшүп калган эле. Учурда бул сан кыскарып жатканы менен ал процесс жай жүрүп жатат. Азыр деле кара тизмеде 70 же 80 миң жараныбыз бар. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин уюмдун бирдиктүү укугу, товарларды, капиталды, кызмат көрсөтүүнү эркин кылуу керек. Ошондо гана Союз иштейт жана маселе мамлекеттер аралык деңгээлде каралышы керек”, — дейт ал.
Э.Осмонбетов сөзүн жыйынтыктап жатып Кыргызстан үчүн мигранттардын маселесин чечүү приоритеттүү багыттардын бири экенин айтып, алар Россияда тоскоолдуксуз иштеши керектигин белгиледи. “Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапарында Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой алды”, — дейт Эдил Осмонбетов.