Мындан сырткары Жумалиев 2015-2016-жылдар үчүн гана декларация тапшырган. 2017-жылдагы декларациясынын жоктугу да мыйзам бузуу болуп эсептелет.
Юстиция министрлигиндеги жана OsOO.kg сервисиндеги ачык базалардагы маалыматтарга караганда, депутат өлкө аймагында каттоодон өткөн 33 фирманы негиздегендердин бири, айрымдарында жетекчи катары эсептелет.
Кубанычбек Жумалиев 1990-жылдардан тартып жогорку кызматтарда иштеп келет. 33 ишкананын 11ин ал мамлекеттик кызматтарда иштеп турган жылдары ачкан. Алардын сегизи депутаттык учуруна туура келет. Фирмалардын көбү билим берүү, курулуш тармагында иштейт. 2016-жылы Жумалиев өзүнүн атындагы Физика-математикалык мектеп-лицейин ачкан.
Кубанычбек Жумалиевдин өзүнүн пикирин алууга мүмкүн боло элек. «Азаттык» анын өзүнө да микрофон сунууга даяр.
Булак: Азаттык
