Жүрөктү алмаштыруу боюнча операциялар тээ алыскы 1967-жылдары башталган. Ошондон бери бул операциянын жүрүшү анча өзгөргөн жок десек болот. Баягыдай эле эски жүрөк алынып, ордуна донордун жүрөгү салынат, бардык артериялар менен вена кан тамырлары кайрадан ордуна тигилип, жаңы жүрөккө жалгаштырылат. Бул операцияны оор деп деле айтууга болбойт. Бул иштин эң оор жагы, алынган жүрөктүн ордуна жаңысын табуу. Ал үчүн башка адамдын өлүмүн айлап-жылдап күтүшөт. Мына ушул маселени чечүү үчүн АКШнын Массачусетс штатынын Борбордук ооруканасынын окумуштуулар тобу жүрөккө муктаж адамдын өзүнүн жүрөк булчуңдарынан алып жаңы жүрөк өстүрүп чыгууну колго алышты. Бул жаңы ыкма операциядан кийинки жүрөктүн иштешиндеги кыйынчылыктардын алдын алып, пациенттин батыраак айыгышына шарт түзөт. Ооруган адам иммундук жактан да жабыркабайт. Доктор Отт бул ыкманы 2008-жылы эле иштеп чыкканын айтат. Эң кызыгы, доктор жүрөктүн клеткасын кир жуучу каражаттын жардамы менен алалганы экен. 73 эбак өлгөн жүрөктөргө изилдөө жүргүзүлүп, 14 күнгө биореакторго салынып коюлду. Бир аз убактан кийин ал жүрөктөргө кадимкидей жан кириптир.