Домой Маек Дыйкандар үчүн кичи насыялар — айыл чарбасынын өнүгүүсүнө түрткү болот

Дыйкандар үчүн кичи насыялар — айыл чарбасынын өнүгүүсүнө түрткү болот

135

Жаз жарыш, а демек дыйкандар үчүн жоопкерчиликтүү мезгил келди. Үрөн, күйүүчү май жана жер семирткич белендеп алууга убакыт жетти. Акыркы жылдары мунун баарын микрокредиттин жардамы менен сатып алуу дыйкандарга чоң жардам берүүдө. Аны кантип алуу керек жана элет жеринде микрокредит канчалык маанилүү экенин биздин кабарчыбызга “Айыл Банк” ААКнын Кредиттөө башкармалыгынын жетекчиси Амангелди Имарбеков айтып берди.

— Амангелди Рахманалиевич, жеңилдетилген насыя берүү ою качан пайда болду?

— КРнын өкмөтү менен “Кумтор Голд Компани” ЖАК ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде жакырчылыкты кыскартууда демөөрчүлүк жардамды пайдалануу боюнча компания 2012-жылдын 23-апрелинде КРнын Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигине караштуу “Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик агенттигинин (МКА) эсебине 21 миллион АКШ долларын (же 966 миллион сом) бөлүп берген.

2012-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин “Ала-Тоо Финанс” МКАсы ал каражатты жылына 7 пайыз менен, 1 жылга 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин микрокредит түрүндө жайгаштырган. Андан соң аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ал каражатты башка каржы-кредиттик мекемеге берүү сунушталган (мындай чечимдин себеби – бул каражат эффективдүү пайдаланылбаганында). КРнын Каржы министрлиги тарабынан ошондой каржы-кредиттик мекеме катары “Айыл Банк” ААКсы сунушталган.

Ошентип, 2013-жылдын сентябрында КРнын өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралынын №100 токтомунун негизинде “Айыл Банк” менен КРнын Каржы министрлиги Карыз милдеттенмеси түзүлгөн. Ошол Карыз милдеттенмесинин негизинде “Айыл Банкка” “Ала-Тоо Финанс” МКАнын демөөрчүлүк жардамы катары 808 миллион 141 миң сом жана Жаштар жана эмгек министрлигине караштуу Микрокредиттик агенттиктердин (облустук борборлорундагы) 70 миллион 615 миң сомду түзгөн портфели жана зайымчылар тобунун 241 миң сомду түзгөн насыя портфели тапшырылды.

2013-жылдын октябрынан тартып “Айыл Банк” ошол долбоордун алкагында жеңилдетилген насыяларын бере баштап, ошондой эле “Ала-Тоо Финанс” МКАсы берген насыяларды кайтаруу үстүндө иштей баштады. Ошентип, 2016-жылдын 1-апрелине карата “Айыл Банктын” ушул долбоор боюнча карызынын жалпы суммасы 907 миллион 838 миң сомду түздү.

Бул долбоордун алкагында “Айыл Банк” “Кумтөр-Чакан” аттуу атайын насыя продуктун иштеп чыгып, анын негизги талабы КРнын өкмөтү менен “Кумтор Голд Компани” ЖАК ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде жакырчылыкты кыскартууда демөөрчүлүк жардамды пайдалануунун протоколунда белгиленген.

— Кредиттөөнүн демөөрчүлүк программасына ким катыша алат?

— “Кумтор Голд Компани” ЖАКы бөлүп берген демөөрчүлүк каражаттын жардамы менен «Айыл Банк» айыл жергесинде жашаган аз камсыздалган калктын жакыр катмарына, өзгөчө жетүүгө кыйын болгон тоолуу жана чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына жеңилдетилген жана күрөөсүз насыя алууга мүмкүнчүлүк берет.

— Насыя кандай шартта берилет?

— Бир үй-бүлөдөн насыяны бир адам ала алат. Банкка кайрылган учурда ал адамдын башка каржы-насыялык мекемелерине карызы болбошу талап. Насыя күрөөсүз жана кепилсиз берилет. Насыянын суммасы 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин жетет. Насыя берүү мөөнөтү 1 жылга чейин.

Пайыздык коюму жылына 10 пайызды түзөт. Ошол эле мезгилде бул насыя банк кызматкерлери, алардын туугандары, мамлекеттик кызматкерлер, муниципалдык органдардын, жергиликтүү башкаруу органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрүнө берилбейт.

— Жеңилдетилген насыяны кандай максаттарга алса болот?

— Насыя өсүмдүк, мал чарбачылык, агро өндүрүшүн кайта иштетүү, кичи өндүрүш, устачылык, соода жана тейлөө кызматын өнүктүрүүдө каржылык жардамга муктаж болгондорго берилет. Насыянын суммасы менен берүү мөөнөтүн эске алганда, насыяны короо жанындагы чарбачылык, кичине ферма жана айылда соода өнүктүрүү үчүн алышат.

— Эмне үчүн демөөрчүлүк жардам так ушул жеңилдетилген насыяларга бөлүнүп берилди?

— Баарыбыз билгендей, элет жеринде каржылоого муктаж болгон социалдык жактан аялуу калк жашайт. Бирок, күрөөгө байланыштуу кыйынчылыктарды эске алып, ошондой эле жеке микрокаржылык мекемелерде насыяны көбүнесе базар коюму менен бергенин эске алсак, “Кумтөр-Чакан” долбоору боюнча элет элине берилген микрокредиттер өтө пайдалуу жана орундуу келди. Бул насыялар көмөк берип, айылдагы майда дыйкан чарбалары менен кичи бизнестин өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.

— Насыя иш жүзүндө кандай пайдаланылып жатканын айтсаңыз?

— Негизинен алынган насыя зайымчы тарабынан мал сатып алуу, жаз жана күз айлары сугат иштери, ошондой эле айылда товар жүгүртүүгө багытталат. Жалпы жолунан алганда долбоор өзүнүн баштапкы пландарын актап келет.

— Насыя алгысы келгендер көппү?

— Бул долбоор боюнча жеңилдетилген насыя алгысы келгендер арбын эле. Экономикалык кырдаалды эсепке алганда, эл максималдуу насыянын суммасын 50дөн 300 миң сомго чейин жогорулатууну суранып, ошондой эле насыянын мөөнөтүн да көбөйтүп берүүнү өтүнүүдө. Албетте, мындай өтүнүч былтыр 50 миң сом алган кардар активин көбөйтүп, аны дагы жогорулаткысы келгени менен шартталган. Ал үчүн дагы чоң каражат керек.

Айбек Шамшыкеев