Домой Саясат Думанаевдин дубасы кудайга жетип…

Думанаевдин дубасы кудайга жетип…

77

Чоро ДуманаевАздан болсо да маданият ишмерлирине көңүл бурула баштады. Кыргыз эл артисти, кино жана сахна искусствосуна зор салым кошкон Чоро Думанаевдин жашоо шарты тууралуу бир топ журналисттер, анын ичинде биздин гезиттин журналисттери да жазышкан. 20 жылдан ашуун жатаканада жашап келаткан Чоро Думанаевге өкмөт тарабынан көңүл бурулабы деген ойдо жазылган ал макалаларга жооп болбой келген. Мына эми бүт өмүрүн маданиятка, анын ичинде кино жана сахна өнөрүнө арнап келген агабыз улгайган чагында болсо да үйлүү болуп олтурганы баарыбызды кубантат. Дагы да болсо жеке ишкерлер маданият адамдарына колун сунуп, буга чейин да башка тармактарга жардам колун созуп келген «KG Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов Чоро Думанаевге 18-мартта Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Сыймык Бейшекеевдин концертинин коштоосунда бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды. Биз актёрдун өзү менен байланышка чыкканыбызда ал жашоосундагы бул жагымдуу окуяга кубанып турганын айтып, «KG Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго ыраазылыгын билдирди.