Домой Саясат Дүйшөбаевге күнү түшкөн “Кыргызстандын” абалы чатак…

Дүйшөбаевге күнү түшкөн “Кыргызстандын” абалы чатак…

117

2010-жылдагы революциядан кийин жоктон тапкансып Кеңешбек Дүйшөбаев деген немени УКМКнын башына алып келишкен. Ал эки жылга жакын УКМКны тажрыйбасы жок экенине карабай, каалашынча башкарды. Натыйжда УКМКнын кадыры кетти, эч кандай реформа жасалган жок. Бирок коомчулук, айрыкча ЖМКлар Дүйшөбаевдин УКМКдан кеткенден кийин жомоктой байып кеткенин, ага тиешелүү сан жеткис баалуу мүлктөрдүн сүрөттөрүн, видеолорун байма-бай чыгарышкан. Бирок бийлик аны эч кандай жоопко тарткан жок. Андан бери 7-8 жыл өттү. Дүйшөбаев жазага тартылган жок. Таза иштеп, укмуш эмгек кылгансып, күпүлдөп жүрөт.  Акыркы жылдары иниси Канат Исаевдин этегине эрмешип, экөө Сарбагыштар коомуна таасирин арттыруу аракетин көрүп жүрүшкөнү боюнча да көп маалыматтар чыккан. Бирок Сарбагыш коому, аштан көчтөн калган Дүйшөбаевди “чүкөңдү алыс ойно” деп коюшат. Антктени, анын кадыры эчак какшып калганы ырас. Ал эми Кеңешбек аксакал учурда парламентке ат салышып жаткан “Кыргызстан” партиясынын штабын башкарып күпүлдөп жүрөт. Бул партияга чынында таза эмес,  далай чуулгандуу иштердин автору болгондор топтолгон. Ошолордун атаманы бүгүн  Дүйшөбаев болуп жаткандан кийин иштин бүткөнү да. Демек, “Кыргызстан” мындай таза эмес адамдар менен алыска кете албайт. Эл деле булардын чыныгы жүзүн көрүп жатпайбы…

Булак: Багыт гезити