Домой Дүйнөдө Дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безостон 10 КЕҢЕШ

Дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безостон 10 КЕҢЕШ

280

Джефф Безос – бүгүнкү замандын каарманы. Ал жакын арада адамзат тарыхындагы эң биринчи триллионер болушу мүмкүн. Пандемия убагында баардык бизнес империялардын шайы ооп жатканда, Безостун Amazon компаниясынын кирешеси токтобой өсүп жатты. Ошону менен Джефф Безос дүйнөдөгү эң бай адам бойдон калууда.

Биз бүгүн байлыгы 200 миллард долларды чапчыган ишкердин жашоосундагы негизги эрежелери менен тааныштырабыз. Балким, ал эрежелер сиздин да миллиардер болушуңузга шарт түзөттүр. Көз чаптырыңыз!

  1. Көбүрөөк укташ керек

Джефф Безос Wall Street Journal басылмасына берген маегинде уйку кандай маанилүү экенин айтып берген. Анын айтымында, ал 8 сааттан кем эмес уктайт. Бул дагы эч нерсе эмес. Ал таптакыр “будильник” колдонбойт. Табигый түрдө уйкусу канып ойгонгон адам стресстен да оолак болот дейт миллиардер. Баарынан кызыгы, Безостун иш бөлмөсүндө атайын төшөк даярдап койгон. Мүмкүнчүлүк болгондо, бир “тук” этип алмайы бар.

2. Эртең менен шашкалактабай, даамдуу тамактаныш керек

Күндүн көңүлдүү жана жагымдуу башталышы ийгиликтин ачкычы болуп саналат. Amazon компаниясынын негиздөөчүсү, көп жылдар бою эртең менен бир эле тамакты жеген Стив Жобстон айырмаланып, ар дайым түрлөп жакшы тамак жегенге аракет кылат.

Мындан тышкары, миллиардер эртең менен жолугушууларды уюштуруп, маанилүү иш-чараларды дайындаганды жактырбайт. Ал бул убакытты үй-бүлөсү менен өткөргөндү жакшы көрөт.

3. Жумушка жеке жашооңузду аралаштырбаңыз

Джефф Безос “жумуш менен жашоонун тең салмактуулугу” деген түшүнүктү карманат . Бул жеке жашоо, кесиптик чөйрөдөн так бөлүнгөндө, жашоодон гармония табууга үндөгөн түшүнүк.

Безос ашыкча иштөөгө каршы, бирок иш убактысында ал “үй-бүлөлүк” чалууларга да жооп бербейт.

«Эгер мен үйдө бактылуу болсом, анда жумушта мен мыкты кызматкер, мыкты “босс” боло алам. Эгер мен жумушта жемиштүү иштеген кызматкер болсом, үйдө мен сабырдуу, позитивдүү ата жана күйөөмүн», – дейт ал.

Албетте, мындай масштабдагы ишкер кечки саат алтыда жумуштан кетпейт, бирок ишинин көптүгүнө карабастан, ар дайым үй-бүлөлүк каникулга убакыт табат.

4. Мыкты аялга үйлөнгүлө!

Джефф Безос бактылуу үй-бүлөлүү. Миллиардер 25 жылдан бери жубайы Маккензи менен бирге. Жубайлардын төрт багып алган баласы бар жана Безос баалуулуктар тутумунда үй-бүлөнү биринчи орунга коёт.

Анын айтымында, болочок жубайы менен жолукканга чейин ал жеке жашоосун түптөөгө көп убакыт аракет кылган, бирок андан майнап чыккан эмес. Бирок Джефф дүйнөдөгү эң мыкты аялды издөө аракетинен баш тартпай, акыры издегенин тапты. Джефф анын аялы дайыма шыктандырган жана жаңы нерселерди ойлоп таба алган мыкты адам экенин айтып мактана бермейи бар.

Маккензи Принстон университетинде адабият боюнча билим алган. Анын эң сүйүктүү китеби Кадзуо Исигоронун “Күндүн калдыктары” (Остаток дня). Азыр ал китепти, Amazonдун ар бир кызматкерлери окуп чыгууга милдеттүү.

“Мага мени экинчи сорттогу адамдардын катарынан чыгара турган, идеяларды берип, аларды ишке ашырууга жардам бере турган аял керек болчу” дейт миллаирдер.

5. Көп тапшырмадан баш тартыңыз

Джефф Безос бир эле учурда бир нече тапшырмага чачырап калгандан көрө, кезек-кезеги менен улам бир тапшырманы колго алган туура деп эсептейт. Безос ар бир тапшырмада максималдуу концентрацияга жетишүү керек экендигине ишенет жана көп тапшырма өндүрүмдүүлүккө тоскоол болорун айтып келет.

6. Өз идеяларыңызды коргоңуз

Amazon сөзсүз ийгиликке жете турган эң сонун идеяга негизделген. Алгач Безос интернет дүкөн ачкысы келген.

Безостун алгачкы офиси…

Азыркы учурда интернеттен каалаган нерсени сатып алууга болот. Бирок, 1990-жылдардын ортосунда бул соода форматы баардыгы үчүн жаңы болгон. Адамдар кадимки дүкөндөрдөн товарларды тандап, аларды карап, колдонуп көрүп, сапатын текшерип көнүп калышкан.

Интернетте товарды кол менен кармалап, текшерип сатып алуу мүмкүн эмес. Ошондо Безос интернетте китеп сатууга болорун түшүнгөн, анткени китептин сырткы көрүнүшү эмес мазмуну маанилүү экенин түшүнгөн. Ал өзүнүн идеясына ишенип, башкаларды ага ишендирди. Аmazon алгач гаражда ачылган болсо, азыр анда 500 миңден ашуун кызматкер иштейт.

Алгач, Безос музыкалык компакт-дисктерди китептер менен кошо сатууну сунуш кылган, андан кийин аларга видео өндүрүш кошулган. Кийинчерээк ассортиментте электроника, видео оюндар, кийимдер, оюнчуктар, эмеректер жана азык-түлүктөр пайда болду.

2013-жылы тасмаларды жана сериалдарды өндүрүүгө багытталган Amazon студиясы негизделген. 2016-жылы Безос дрондун жардамы менен товарларды жеткирүү боюнча долбоорду баштаган жана Безостун эң ийгиликтүү идеяларынын бири Amazon Kindle электрондук китептеринин линиясын түзүү деп эсептесек болот, ал жакта азыр кагаз китептерден караганда жакшы сатылууда.

7. Акчаңызды үнөмдөп, аз салык төлөө жолун издеңиз

Айтылып жүргөн кептерге ылайык, Джефф Безос өзүнүн биринчи жумушчу столун эски эшиктерден жасап алган. Бул акча жоктуктан эмес. Болгону, өзүнө үнөмдөө керектигин эсертип туруш үчүн ушул кадамга барган.

Негизи Безосту абдан сараң деп эсептешет: Амазондо Гуглдагыдай бир дагы бекер кафе, теннис корту, укалоочу жай жок. Тескерисинче, кызматкерлер кофе үчүн дагы төлөшү керек. Бирок, балким, Безостун ушул касиети аны ийгиликке жетелегендир.

Ал америкалык стандарттарга баш ийбей калкынын саны аз Сиетлде компаниясынын кеңсесин ачкан. Бул атайын жасалган кадам болчу. Безос Калифорниядан дүкөн ачса болмок, ал жакта көп адамдар жашагандыктан товарларга суроо-талап көбөймөк, бирок ал жакта салык төлөшү керек болчу. Ал эми Сиэттлде жергиликтүү мыйзамдар онлайн компанияларга салыксыз иштөөгө мүмкүндүк берчү. Ырас, жылчык 2008-жылы жабылган: Вашингтон штаты, кризистен жапа чегип, Амазонду салык төлөөгө аргасыз кылган.

8. Жаңы долбоорлорду сунуштаңыз

Бир гана Амазон Безос үчүн жетишсиз болгон. 2000-жылы биздин каарман Илон Маск космостук бизнес аренасына чыкканга чейин эле, Blue Orgin космос компаниясын түзгөн. Безостун максаты – космосту баарына жеткиликтүү кылуу. Кийинки жылдан баштап, компания Жердин орбитасына туристтерге турларды сатууну пландап жатат, Безос өзү да биринчи космостук саякатчылардын катарында турат.

2013-жылы миллиардер Американын The Washington Post басмаканасын 250 миллион долларга сатып алган. Медиа магнат болуп, Безос басылмадагы эч нерсени өзгөрткөн жок жана анын саясатына таасир этүүгө аракет кылган жок. Ал болгону, гезиттин электрондук вариантын интернетте тез ачылуусуна шарт түзүүнү гана тапшырган.

9. Көп окугула!

Джефф Безос өз өмүрүн китеп сатуу менен байланыштырууну жөн эле чечкен эмес: ал ар дайым китеп окуганды жакшы көрчү. Ал өз кызматкерлерин Насим Талебдин “Кара ак куу. Күтүлбөгөндүктүн белгиси астында ” китебин сөзсүз окууга милдеттендирет. Автор дүйнө үчүн олуттуу кесепеттерге алып келген сейрек кездешүүчү жана алдын-ала айтуу кыйын болгон окуяларды “Кара ак куу” деп атаган. Ушул теорияга таянып, бардык олуттуу ачылыштар жана тарыхый окуялар “кара ак куулар” деп эсептелинет. Мисалы: Интернеттин түзүлүшү, СССРдин кулашы, дүйнөлүк экономикалык кризис. Безос өз кызматкерлеринин жасаган иштерине жооп берүүгө жана идеянын баркын билүүгө үйрөтүп келет.

10. Өмүр өткөндөн кийин, өкүнбөш үчүн тобокелчиликке барыш керек

Ийгиликтүү жумушун таштап, долбоорду баштоого Безоско китеп түрткү берген. Болочок миллиардер жумушун таштаардан мурун Кадзуо Исигуронун “Күндүн калдыктары” (аялы Маккензинин эң сүйүктүү чыгармасы) китебин бүтүргөн. Китептин сюжети картаң дворецкийдин өткөн жашоосундагы эскерүүлөрүнө негизделген. Китептин каарманы өмүрүнүн акырында өкүнүчкө дуушар болот. Китеп катуу тассир бергендиктен, ал: «Мен 80 жашка чыкканда тобокелге барбаганыма өкүнөрүмдү түшүндүм. Мен чечкинсиздигим үчүн өзүмдү жек көрүп өтмөкмүн”, – деп айтканы бар.https://bars.media/

Новости Кыргызстана и Бишкека