Домой Маданият Дүйнөдөгү эң чоң жана эң кымбат китептер

Дүйнөдөгү эң чоң жана эң кымбат китептер

45157

Дүйнөдөгү эң чоң китеп Дубайдын белгилүү соода борборунун биринде көргөзмөдө турат. Анын өлчөмү 58,06 мм, салмагы 1500 кг. 429 беттен турган бул китеп алтындан жасалган тамгалар менен кооздолгон. Бул “Мухаммед” деген китепте Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага салам жана салаваттар болсун) жашоосу жөнүндөгү окуялар топтолгон, ошондой эле исламдын дүйнөлүк маданиятка жана гуманитардык багытка тийгизген оң таасири чагылдырылган.

Мисс Марпл жөнүндө жазылган 12 роман жана 20 аңгеме 4032  бетке топтолгон. Китептин калыңдыгы 322 мм, салмагы 8 кг. жеткен. Аталган эмгек 2009-жылдын 20-майында Лондондо жарыкка чыккан. Мындай жоон китеп окууга оор болсо да, 500 нуска менен чыккан.

 

Рекорддогу китептер

Леонардо Да Винчинин “Лестердин кодекси”Китептер дүйнөсүндө Леонардо Да Винчинин “Лестердин кодекси” деген эмгеги эң кымбат кол жазма катары саналат. Аны 1994-жылы Билл Гейтс 31 млн. долларга сатып алган. Кол жазма 64 барактан турат жана тери булгаары менен сыртталган.

Рекорддогу китептер албет­те, булар чексиз китеп дүйнөсүнүн бир гана тамчысы. Биз бар болгону китептердин сырткы көрүнүшүнө, баасына жана көлөмүнө көңүл бурдук. Бирок, маани-маңызы китеп­тин сыртында эмес, ичинде экенин айттырбай эле билсек керек.