Домой Дүйнөдө Дүйнө кубогу 2020: Руслан Царев Кыргызстандын эсебине алгачкы медалды алып келди (видео)

Дүйнө кубогу 2020: Руслан Царев Кыргызстандын эсебине алгачкы медалды алып келди (видео)

203

Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокто Руслан Царев Кыргызстандын куржунуна биринчи коло медалды алып келди.

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Кыргыз балбаны Руслан Царев коло байге үчүн беттеште 2019-жылы Дүйнө Чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон болгариялык Айк Мнацаканянды 3:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.

Аталган мелдеште, Руслан Царев Кыргызстандын куржунуна алгачкылардан болуп медаль алып келген спортчу болуп калды.