Домой Дүйнөдө Дүйнө кубогу 2020: Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеште жеңүүчү аталды (видео)

Дүйнө кубогу 2020: Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеште жеңүүчү аталды (видео)

229

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө Кубогун жеңип алды.

Ал 60 кг салмакта финалдык беттеште орусиялык спортчу, дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси, Европа оюндарынын 2 жолку чемпиону Степан Марянянды жеңип алды. Буга чейин жарым финалда түркиялык балбан Ахмет Уярды 5:1 эсебинде жеңген болчу.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 21 жашта. Ал греко-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси.