Домой Коом «Духу жетпейт»: Караколдо 3 кишинин мелдеши биринин өлүмү менен аяктады

«Духу жетпейт»: Караколдо 3 кишинин мелдеши биринин өлүмү менен аяктады

340

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Тельман жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги Каракол суусуна эркек киши чөгүп кетти.

Бүгүн, 2-августта издөө иштерин улантуу үчүн жерине саат 07:10до Каракол шаардык №15 ӨКБдан 16 куткаруучу тартылды. Саат 08:30да эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, маркум 35-40 жаш курагында. Кечээ, 1-августта кечинде 3 киши суу жээгинде эс алып, алкоголдук ичимдиктерди ичишкен. Андан кийин алар мелдешип, эки адам маркумдун сууга секирүүгө духу жетпейт деп билдиришкен. Бул сөзгө арданган киши агын сууга секирип, ошол бойдон чыкпай калган.

Окуя болгон күнү жааган жамгырдан улам дарыядагы суу көбөйүп кеткен.

Булак: Турмуш.кж