Жаныш Бакиевдин «менчик тамадасы» Адахан Мадумаров бүгүн УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен Баш прокурор Индира Жолдубаеванын кызматткан кетүүсүн, Казакстанда контрабанда менен кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбек байланыштырууга аракет кылды.
Адахан Мадумаровдун айтымында президент Сооронбай Жээнбековго Казакстандын күч органдары тарабынан Асылбек Дамирбек уулунун кылмыштуу тобунун башында турган адамдар тууралуу маалымат келип түшкон имиш.
Эми мындай божомолго ишенүү үчүн бери дегенде акмак, ары дегенде келесөө болуш керек. Эгер, чындап эле бул маалымат анык болсо анда президент Сооронбай Жэнбеков муну ачык эле айтып чыкмак. Экинчиден жөн гана кызматтан кетирүү менен чектелбей тийиштүү адамдарды камакка алдырмак.
Биз билгенден тескерисинче Адахан Мадумаровдун өзүнүн контрабандага түздөн-түз тиешеси бар. Анткени анын «шилекей алышкан» досу Вячеслав Хан Казакстандан «Вимпекс» алкоголь ичимдиктерин контрабанда жолу менен Кыргызстанга ташып келип өзүн да, досу Мадумаровду да каржылап жүргөнүн эл жакшы билет. Болбосо, эч жерде иштебеген Мадумаров эбак эле «тишинин кирин соргон» абалга келип калмак. Азыркы учурда да Вячислав Хан Адахан Мадумаровдун башкы «демөөрчүсү».
Негизи эле, Мадумаров бирөөгө сын айтардан мурда «күзгүдөн өзун» бир карап алса болмок. Кечээ эле Данияр Усенов досу экөөбүз оппозицияны «атабыз» — дешип мылтыктарын сорондотушуп Жанышка жагынып «желдет» болуп жүргөндөрүн унутуп калдыбы?
Кандуу билйиликтин «камчысын катыра чаап» алардын алдында келин болуп «жүгүнгөн» Адахандын акылы болсо, эч кимге сын айтууга деле акысы жок болчу. Андан көрө элдин алдына чыгып « Бакиевдер аткан 90 баланын өлүмү үчүн менин да моралдык жактан күнөөм бар» — деп кечирим сурап койсо эрдик кылган болот эле.