Домой Саясат Досалы Эсеналиевдин ордуна Жекшенкуловдун бараары сөз болууда

Досалы Эсеналиевдин ордуна Жекшенкуловдун бараары сөз болууда

97

Азырынча ушундай кеп кетти, болгондо да мындай кептер Ак үйдүн ичинде күжүлдөп атат. Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевге шефтеринин ичи чыкпай, күзгө карай ордуна мурда-кийин Атамбаев менен иштешпеген фигураны Акүй билермандары карап жатышат дейт. (СШЖнын мунусу өзгөчө түндүктүк кадрларга басым жасоого болгон кадамы го?) Учурда бийликтин жогорудагыдай критерийлерине төп келген тизменин сап башында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги айтылып жатыптыр.

Мындай маалымат А.Жекшенкуловго чейин жетип, ал дипломатыбыз ийинин куушуруп билмексендикке сала “мага Россияда эле иштеген оң го?” дегендей ийин куушурганы Ала-Тоодогу бизге чейин угулду.Антип ийин куушурганына караганда саясаттын алчы таасын өкчөгөн Жекшенкулов аппарат башчы болуп, анан алты айдан соң көчүккө тебилгиче Россиядагы үлкөндөр менен иштешүүнү самап жатса керек. А биз бул жагынан дагы да Акүйдөгү интригаларга көз салып турмакчыбыз.

                                                                                              “Айгай-пресс”