Домой Саясат Досалы Эсеналиевден коронавирус аныкталды

Досалы Эсеналиевден коронавирус аныкталды

246

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Досалы Эсеналиев бүгүн үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатат жана алыстатылган тартипте иштөөнү улантууда, абалы канааттандырарлык.

Бүгүнкү күндө Президенттик Аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.

Кыргызстан боюнча бүгүн, 27-июнга карата жалпысынан 4513 адамдан коронавирус аныкталды, анын ичинен 2212 киши айыгып чыгып, 46 адам көз жумду.