Домой Коом “Дордой” базарынын ишкерлери Артем Новиковдун алардын алдына чыгуусун, болбосо кызматтан кетишин талап...

“Дордой” базарынын ишкерлери Артем Новиковдун алардын алдына чыгуусун, болбосо кызматтан кетишин талап кылышууда

69

Бүгүн, 2-ноябрда “Дордой” базарынын ишкерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алардын товарлары чек арада жарым жылдан ашык кармалып жаткандыгына нааразы, ал эми өкмөттөн алардын көйгөйлөрүнө эч ким жооп бербей жатат.

Алардын айтымында, Кытайдан ташылып келген товарларынын өтүшүнө Кыргызстан жол бербей жатат.

“Дордой” базарынын митингчилери КРнын Биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков жарандардын жеке өзүнө барып, алардын көйгөйүн чечүү жолдорун табуусун талап кылышууда.

“Биз буга чейин бир нече жолу Өкмөт үйүнө айрым аткаминерлер менен жолукканбыз, бирок алардын бири дагы биздин маселени чече алган жок. Буга байланыштуу биз Новиковдун чыгышын талап кылабыз. Эгерде ал биздин маселени чече албаса, анда ал өз ордун таштап кетиши керек. Биз имаратка аткаминерлер менен сүйлөшүү үчүн кирбейбиз, бирок көйгөйдүн чечилишин талап кылабыз, буга чейин аларга көйгөйлөрүбүздү айтканбыз”, – дешет нааразычылык акциясына чыккандар.

булак: Kyrgyztoday