Домой Аналитика Дөөлөт тоголок, байлык колдун кири дейт. Кесирленбегиле

Дөөлөт тоголок, байлык колдун кири дейт. Кесирленбегиле

69

Аӊгектен качсаӊ дөӊгөчкө деген жакшы макал бар. Улам жаӊы келген министрибиз улам жаӊы шылтоолорду ойлоп таап эптеп тарифтерди көтөрүп анан энергетика системасын чет элдик инвесторлого салып берүү аракети. Билсе билбесе деле энергетика системасынын тарифин көтөрсө эле Токтогул суу сактагычы бир заматта ашып ташып кете тургансып «Америкада, Англияда, Францияда жана Германияда тарифтер мынча экен деген дөөрүгөндөр көбөйдү. Булар аконит эмес эле адырашмандын ашын жегенби деп ойлоого түрткү берет. Себеби ал өлкөлөрдөгү жашоо деӊгеели менен биздин шордуу элдин жашоо деӊгээлин салыштырыгысы келишпеген министрлер менен алардын куйруктары алты тутам арамза кошоматчылары толуп кетишти. 1,5 миллион мигранттар жумушсуздуктун айынан тентип жүрүшөт. Ички миграция менен жумушсуздар, көп балалуу үй бүлөлөр, жарды жалчылар, кары картаӊдар айтор элдин 80% жашоо деӊгээли өтө төмөн өлкөнүн элине жогорулатылган тарифти колдону даана зөөкүрчүлүк экенин билсе да билмексен болуу айбанчылыка жатат. Кимге энергетика системасына финансылык анализ жана консультация керек болсо келгиле чогуу анализ кылалы.

Билбей туруп чочоӊдой берүүгө болбойт. Элден мурун жумушсуздукту жоюп, инфляцияны токтотуп, элдин кирешесин көтөрүп анан тариф жөнүндө айтыш керек. Эрнс Карыбековдун тегерегине чогулгула. Сапарбек Аргымбаевди таап кеӊешин уккула. Болбосо Акаев, Бакиев жана Данчиктин кебетесин тез эле кийип каласыӊар. жардылар менен байлардын айырмасын кантип эсептейсинер. Элден мурун ошону айткылачы