Домой Дүйнөдө Дональд Трамп дагы биздеги бейөкмөтчүлөрдүн чагымчыл экенин сезип, каражатты кыскарттыбы?

Дональд Трамп дагы биздеги бейөкмөтчүлөрдүн чагымчыл экенин сезип, каражатты кыскарттыбы?

41

Дональд Трамп

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2018-жылдан тарта бир катар мамлекеттерге көрсөтүлө турган финансылык жардамдын көлөмүн кыскартууну, айрым өлкөлөргө токтотууну сунуштап жатат. Таптакыр жардам токтой турган мамлекеттердин катарында Кыргызстан да бар. Бул тууралуу Foreign Policy басылмасы жазып чыкты.  Андагы маалыматка ылайык, аталган документ АКШ президенти Дональд Трамптын кароосуна жиберилген.

Мамдепартамент Европа, Евразия жана Борбордук Азиядагы 20 өлкөнү каржылоо аракеттерин 100 пайызга кыскартууну сунуштоодо. Аталган мамлекеттердин катарында Армения, Азербайжан. Белоруссия, Грузия, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан бар. Молдова менен Тажикстанга жардам жарым-жартылай кыскарат.

АКШ бийлигимындай кадам менен тышкы саясат жаатындагы бюджетти оптимизациялоого умтулуп жатканы айтылууда.  Американын Кыргызстанга болгон жардамды токтотуусу карапайым элге трагедия деле эмес. Болгону мындан бейөкмөтчүлөр жапа чегет, банкрот болот. Анткени, АКШдан ар кандай уюмдарга агылган каражаттар өлкө аймагындагы чагымчыл иштерге гана жумшалып келген.

Өздөрүн укук коргоочу санаган биздин мекендештер уюмдарына туугандарын гана орноштуруп, маяналарын каалагандай коюп, элге зыяны тийген кылмышкерлерди гана коргоп келет.  Бир чети бул туура кадам. Жаңы шайланган президент Д.Трамп деле бейөкмөтчүлөр эч кандай пайда алып келбешине көзү жеткендей. Эми адам укугуна жамынып чагым салгандар эмне кылаар экен?