Домой Экономика Доллардын кымбатташы Кыргызстандын быйыл төлөчү карызын 6 млрд. сомго көбөйттү

Доллардын кымбатташы Кыргызстандын быйыл төлөчү карызын 6 млрд. сомго көбөйттү

39
Доллардын курсу кымбаттаганына байланыштуу Кыргызстандын быйыл төлөй турган сырткы карызы 6 млрд. сомго көбөйдү. Бул туурасында финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, доллардын курсун 88,4 сом болот деген божомол менен быйыл сырткы карызды тейлөөгө 26,6 миллиард сом пландаштырылган.
«Деген менен курс өзгөрүп кетти, бүгүнкү күндө санай келгенде карызды төлөө үчүн кошумча 6 миллиард сомдун тегерегиндеги сумма чыгып жатат. Бирок курс азыр ылдыйлап жатат. Бизге сырттан чет элдик валюта менен келе турган жардамдар дагы бар. Ошону менен төлөсөк компенсация болот. Тобокелчиликтерди минималдаштыруу боюнча бюджетке оордук келбей турган механизмдерди иштеп чыкканбыз. Ошондуктан сырткы карыз өз убагында толугу менен төлөнөт», — деди Бакетаев.
Ошондой эле министр учурда сырткы бересе 4,2 миллиард доллардын тегерегинде экенин кошумчалады.