Домой Саясат Диплому жок Арипжан Токуров “Манасты” башкаргысы келет

Диплому жок Арипжан Токуров “Манасты” башкаргысы келет

1004

Азыр абакта жаткан  мурунку өкмөт башчы  Жантөрө Сатыбалдиев ошол учурда Ош аэропортун жетектеп, жакшы иштей албай койгон Арипжан Токуров аттуу  адамды кызматтан алган. Ал кызматка дайындалганда “укмуш кадр, эми аэропорту гүлдөтөт” – деп макташканы менен, көп өтпөй “мактаган кыз тойдо осурат” болуп калган. Себеби, Токуровдун жогорку билим тууралуу диплому жок экен. Ал өзү Казакстандын  жарандык авиация академиясын бүткөргөм деген жалган болуп, ага кылмыш иши козголгон. Көрсө бул эргул аталган академияда окуп жатып, окууга барбай койгондон улам, аны окуудан чыгарып салышкан. Кийи арыз жазып кайрылганы менен окуу жай анын арызын четке каккан. Токуров көтөрүп жүргөн № 0475007  диплом   Кожониязов Берик Салаватович деген адамдыкы экен. Демек,  бул кишинин диплом номерин жасалма кылып, өзүнүн жалган дипломуна көчүрүп алгандыгын тергөөчү Т. Аденов ошол учурда эле билдирген. Мына ушул эргул азыркы тапта өкмөт менен парламенттин эшигин каккылап: “Мени Манас аэропортуна, жок дегенде Ош аэропортуна жетекчи кылгыла, мен  инвестиция тартып келип, укмуш гүлдөтөм” – деп жүргөн учуру экен. Өкмөт мындай билими жок, бирок амбициясы чексиздердин чекесинен сылап, кызматка алып бара койбос… Ансыз деле ашмалтай чыгып жаткан бийликке  Арипжанга окшогондор аброй алып келмек беле…