Кыргызстандагы ар бир бешинчи аял сексуалдык зомбулукка туш болот экен. Муну укук коргоочулар айтып жатат. 4-Мартта Ак үйдүн алдында жогорудагыдай зомбулукка каршы акция болуп өттү. Бул акцияга 17 жаштагы Динара Нурманбетова деген кыз катышып момундай азапты айтып турбайбы: “Мен 13 жашымда атам каза болгон. Ошондо Райкан Алканов куран окутканы келип, биздикине конуп калды. Бир маалда Алканов мени чакырып көзүмө дары куюп бер деп суранды. Мен ал кишини “чоң ата” деп эч нерседен шегим жок барсам, ал мени дароо төшөккө жаткызып зордуктап койду. Апам башка бөлмөдө болчу, эч нерсени сезген да жок. Ыйладым, эч кимге айтпадым. Ошондон соң Алканов мага акча берип алдап жатып жүрдү. “Мага төрөп бересиң, чет өлкөгө кетебиз” — деп айтчу”.
Ушундай кокуй маселе. Эгерде кыздын айтканы чын болсо, анда Алкановдун абийири накта кеткени эмеспи!