Домой Ден-соолук Диетолог кофеге караганда алда канча пайдалуу эртең мененки тамакты атады

Диетолог кофеге караганда алда канча пайдалуу эртең мененки тамакты атады

15
Диетолог Анна Белоусова француздардын эртең мененки тамагы деп эсептелген круассан, кофе бардык кишилерге эле жага бербестигин эскертип, кандай адамдар андан баш тартып, ордуна оору чакырбай турган кайсы азыктарды жеши керектиги боюнча кеңеш берди. Бул туурасында Sputnik радиосу жазды.
Кинофильмдердеги эртең менен француздар шам-шум кыла турган круассан менен кофе көптөргө эле туура келе бербейт.
«Эгерде гипертонияңыз болсо, бөйрөк ооруса жана салмагы көбүрөөктөрдүн катарына кошулсаңыз жогоркуда айтылган эртең мененки тамактан баш тартып эле койгон жакшы», — деген Белоусова.
Анын пикиринде, тура калганда ден соолук үчүн эң жакшысы — сүт жана каша.
«Эгерде дарыгердин көз карашынан алсак, эртең мененки эң сонун тамак углеводдор менен кечке чейин дем-күч бере турган белоктун айкалышы. Бул сүттүү каша же кефир кошулган каша болушу мүмкүн. Муну адам көп жыл танбай жей турган эң мыкты азык десек да болот», — деген диетолог.
Буга чейин адистер эртең менен көптөр жеген кашаны, майды, жумуртканы кантип бышырса пайдалуу болорун айтып беришкен.