Домой Коом Депутаттар тобу жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактарга айып...

Депутаттар тобу жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактарга айып пул салуу чараларын кыйла катаалдаштыруу демилгесин көтөрүүдө

38

Жогорку Кеңеште автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, транспорттук көзөмөл жайларын автоматташтыруу жолу менен адам катышын жокко чыгаруу, транспорттук көзөмөл жайларындагы коррупцияны жоюуга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Бузуулар жөнүндө кодексине, «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. «Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», — деди ал.

Ошентип, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 9-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык, боюнча айып пул жеке адамдар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү, юридикалык жактар үчүн  2000 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу транспорттук көзөмөл жайларын автоматташтырылган тутумдар менен жабдуу, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга транспорттук каражаттын салмак габариттик көзөмөлүн жүзөгө ашырууда автоматтык режимде иштеп турган видеожазмалуу атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бузуулар боюнча токтомдорду иштеп чыгуу жана таратуу мүмкүнчүлүгү берилип жатканы белгилүү болду.

Демилгечилердин айтымында, өлкө аймагында 27 маанилүү жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Депутат Улугбек Ормонов мындай маанилүү мыйзам долбоорлорун Өкмөт сунушташы керектигин баса белгиледи. «Транспорт жана жол министрлиги иштебей калды. Жетекчилери коррупциялык кылмыштар менен четинен камалып жатат. Алардын бул жерде отурган өкүлдөрү деле ошолор менен чогуу да. Өкмөт бул багытта иштиктүү чараларды көрүп, абалды жакшыртышы керек», — деди ал.

Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. Ал эми Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Өкмөт дагы ушул багытта аракеттерди көрүп жатканын, азыркы учурда тийиштүү мыйзам долбоору даяр болгонун, сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилери менен биргелешип иш алпарууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, жол салууга алынган насыялар Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же жолго салынган жалпы каражаттын 80 пайызын түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалыр 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар болгону 10 сом айып пул төлөгөн.

Булак: Багыт