Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коомдук жайларда диалектиде сүйлөөгө мыйзам чегинде тыюу салууга чакырды. Мындай пикирин ал 13-февралда парламенттин жыйынында айтып, бул маселе боюнча көп киши кайрылып жатканын билдирди.
Депутат жети облустун эли жети диалектиде сүйлөп жатканы кыргыз тилинин жоголушуна, кыргыз улуту сакталбай калышына себеп болорун белгиледи.
Сайдулла Нышанов парламентке депутат болуп «Ата Мекен» фракциясынан шайланган.
Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Аймактык диалектилерге жана говорлорго бөлүнөт.
Булак: Азаттык