Домой Коом Депутат Нурбек Тотоновдун иниси Айбек Тотоновдон коронавирус табылып, байланышта болгон 26 адам...

Депутат Нурбек Тотоновдун иниси Айбек Тотоновдон коронавирус табылып, байланышта болгон 26 адам үй карантинине алынган

11
Айбек Тотоновго оору белгисиз өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Ал санитардык-карантиндик пунктунан өтүп, андан анализдер алынган. Ал жүк ташуучу унаа менен Токтогул районуна чейин барган, анализдердин жыйынтыгы чыгып, ал жашаган жери боюнча жиберилген. Ал дарыланууга жаткан. Ал менен байланышта болгондордун саеы 26 адам. Алар да текшерүүдөн өтүшүп, үй карантининде жатышат. Тотоновдо оорунун клиникалык белгилери жок. Ал медициналык көзөмөлдө” – деди Нурболот Үсөнбаев.