Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаровдун галстук тууралуу талабын сындап чыкты.
— Бир вице-премьер элеттеги элдин жашоосун эшектин азайганына теңеди. Дагы бир вице-премьер чек арадан чыдабай чыгып кеткен адамдарды «чыккынчы» деди. Дагы бир өкмөттүн өкүлү «галстугуңар жок» деп мугалимдерди зекиди. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо анда бюджеттен карап галстук сатып берели. Элдин кыжырына өкмөт өзү тийип жатат. Башка эрмеги жокпу?