Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзам долбоорун караган парламенттин 23-октябрдагы жыйынында тендерлерди ирилештирүүнү сунуш кылды. Эл өкүлү бул туура эмес көрүнүштөрдүн жана убарагерчиликтин алдын аларын айтты:
— Мыйзам өтсө, тендер маселеси көтөрүлөт. 2265 тендер өткөрөсүздөрбү же райондорду бириктирип 80дей тендер өткөрөсүзбү, айтор тендер аябай көп болот. Бул айланып келип ар кандай чырларга алып келиши мүмкүн. Бул балдарга кесепети тийип калбашы керек. Ошондуктан мен жети облусту, ири шаарларды эске алып, 9 же 10 тендер өткөрүүнү сунуш кылам. Ошондо фирмаларда да жоопкерчилик болот эле, экинчиден сиздерге да жеңил болот эле.
Билим берүү жана министри Каныбек Исаков депутаттын сунушун карап көрүшөрүн, оптималдуу вариантты карап чыккандан кийин бир жагдайга токтолорун билдирди.
«Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова алып чыкты. Мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга (1-4) ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан.
Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган.
Булак: Азаттык