Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев аз күн мурун Садыр Жапаровду жана Алайдан чыккан аттуу-баштууларды чакырып чай берди. Бегиш Ааматов, Ильяс Жусубалиев, Марат Султанов, Каныбек Айдаров ж.б. Бул тууралуу журналист Манас Осмон жазып чыкты:
-Унчукпай койгонго болбоду. Эки күндөн бери урушкандар, жөнү жок нерсени айткандар, айыптагандар көбөйдү. Эми ушунча болду айтып берейин!
Ушул жумада ЖК депутаты Марлен Маматалиев жана алайдын башка тыңчыкмалары чакырып, ала тоодой эт, ысык көлдөй чык кылышып, конок күтүштү. Жалпы 200 дөй жердешине, элине чай берген мындай кыйын кезеңде ар кишинин эмес, эр кишинин иши. Азамат экен. Алайдын башы көрүнгөнү, жөнөкөйү дебей, баарын чакырышыптыр. Таанымал ырчы, чоорчулар обон созуп, булбулдай таңшышты. Бирөөгө чай куйганды кой, кээде чөнтөгүбүздөн 20 сом чыкпайт. Адилеттүү болуш керек, уюштурган Марленге рахмат! Айрым кычык достор сурап атышпайбы, Ош мэри борборго келдиби деп. Ооба, Таалайбек Сарбашев да келип, Бишкектик жердештери менен чай ичип кетти. Анан, президенттикке талапкер Садыр Жапаров да келди. Алайлыктарды үндөп, мени шайлап койгула деген жок. Биз деле үйрүлө түшүп, сени шайлайбыз деле деген жокпуз. Марлен чакырыптыр, ал киши да келиптир. Жеке мамилеси болсо керек. Ал жагы бизди кызыктырбайт. Кечээ бирөө жазып атат, «пахта коймой башталды» — деп. Марлен Маматалиев кимге пахта коёт? Өзү депутат, өзү бай, өзү ишкер, наны бүтүн дегендей. Менимче, мындай шартта эч ким ханга салам бербейт. Эми бийлик, байлык Кудай Тааламын иши. Ар ким насип кылганы менен сыноодо. Коё туралычы, ким президент, ким депутат болот аны Жараткан өзү чечсин.