Бишкекте ЖК депутаты катышкан массалык мушташ боюнча эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«12-март күнү Д.А . аттуу жаран ошол эле күнү саат 03.30дар чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде анын денесине залал келтирген белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз менен Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылган. Бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр: 34 жаштагы П.Э. жана 35 жаштагы А.Д. Экөө тең Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тергөө иштин бардык жагдайларын аныктап, окуяга катышкандардын бардыгынын өздүгү такталууда.
Эске салсак, Бишкекте массалык мушташ болгон. Видео социалдык тармактарга жарыяланып, кадрларда кафеден бир нече адам чыгып мушташып жатканын көрүүгө болот. Мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени айтылган. Эл өкүлүнүн өзүнөн комментарий алуу үчүн азырынча жеткиликсиз.