Домой Саясат Депутат Жыргалбек Турускуловдун кайберен менен түшкөн сүрөтү сынга алынууда

Депутат Жыргалбек Турускуловдун кайберен менен түшкөн сүрөтү сынга алынууда

78

«Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускуловдун кийик менен түшкөн сүрөтү социалдык тармакта жарыяланып, кызуу талкууда.

Эске сала кетсек, өткөн жумада, 23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары аркарды, кулжаны, тоо текени, бугу-маралды атууга уруксат бойдон калтырган.

2018-жылы мыйзамсыз мергенчилик үчүн 99 кылмыш иши боюнча 183,6 миң сом айып пул төлөнгөн, 96 иш боюнча 611,4 миң сомго доо коюлган. Кыргызстанда мергенчилик чарбасында ишкерлик кылган 52 юридикалык тарап, 42 жеке фирма, 9 коомдук жана 1 мамлекеттик мекеме (жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу департаменти) катталган.

Ушунча мергенчилик уюмдары болгон соң, парламентте тиешеси бар депуттар да бар окшобойбу. Мыйзам долбоорго каршы чыккан депутаттардын арасында кайберен менен сүрөтү чыккан Жыргалбек Турускулов дагы бар болчу.