“Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун демилгеси, колдоосу менен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндөгү Октябрь айылында мечит курулуп, 26-августта мечиттин, андан сырткары медресенин, ФАПтын ачылышы болуп өттү.
Салтанаттуу ачылышка “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө эл өкүлү мечиттин ачылышы менен элди куттуктап, ынтымак, биримдик каалады.