Домой Аналитика Демократиянын ашы (уландысы)

Демократиянын ашы (уландысы)

213

(Башы өткө санда)

Чыгаан катын Апийай,
Чындап көңүл салды дейт,
Чылымын көккө жанды дейт.
Чыркыраган бул бейбак,
Чын кабарга жарайт деп,
Чынарбекти алды дейт.

Алары менен нени айтты,
Апий катын кеп айтты:
-Абжирленбей угуп тур,
Айдар уулу деп айтты.
Эл чакырам деп барып,
Экме көкүл Чынарбек
Ээн жакка кетпегин.
Эргүүң кармап ыр жазып,
Ээлигип басып кетпегин!

Алты миң ысым жат алгын,
Алакандай кат алгын.
Ат бороюн сыдыргын,
Ай-ааламдын баарысын,
Армандуу ашка чакыртып,
Алты күндө кыдыргын.
Жакыныраак эми кел,
Жаттап алгын жакшылап,
Жапырайбай бери кел?

Моногу,
Тоңкойгон тоонун гөтүнөн,
Токойлуу чердин төшүнөн.
Саймалуу сайдын гөтүнөн,
Сайылган талдын төшүнөн.
Тамыры ташка бекиген,
Таластын аркы четинен.
Кумга төөсү төлдөгөн,
Куттуу саруу эл деген.
Кузпуруш бирөө жеңбесе,
Кудайдан бөлөк жеңбеген.
Текши саруу эл деген,
Телибай тентек жеңбесе,
Теңирден бөлөк жеңбеген.
Артуу-артуу бели бар,
Адеми сонун жери бар.
Аралап кирип кеткенде
Аңкыган асыл жели бар.
Айбатынан жан чыккан
Атактуу Аксы эли бар.
Кайналы бар, балы бар,
Карагаты дагы бар.
Кайран кыргыз карманган
Касиеттин баары бар.
Афлатун аскасы,
Ал аскага барып ал.
Ал аскага барганда
Шалы турат тилинген,
Шаар турат чийилген.
Шапар тээп илгери,
Шашмалыгы билинген.
Шайтанын кууп эчкинин
Шагыл менен жүгүргөн.
Шайы кетип акыры,
Шакегин ажал салганда,
Шамалга сөөгү илинген
Кожожаш деген мерген бар.
Кожошту мында келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де.
Куу эчки көп Бишкекте
Кууп айдап берсин де.
Бул кызыкты көрбөсө,
Буйругума көнбөсө.
Жеткен жерден айдатам,
Жеңине “жучок” байлатам.
Көргөн жерден айдатам,
Көтүнө “жучок” байлатам.
Буган дагы көнбөсө,
Сөлөкөтүн түн кылам,
Сөңгөгү жок Кожоштун
Сөөгүн өрттөп күл кылам.
Жигерин чагып түн кылам,
Жип-шуусу жок Кожоштун
Жилигин чагып күл кылам!

Андан ары тартканда,
Ай тамылжып батканда.
Акүйгө тыңчы арамдар
Алдаалап уктап жатканда.
Бекназардын Азимбек,
Аны ашыма келсин де,
Аш шаанисин көрсүн де.
Демократ болсо дем албай,
Демдүү туруп берсин де.
Кошумчасын кошсун де,
Конок алып тоссун де.
Кошумчасын кошпосо,
Кокос майлоо Азимбек
Конок алып тоспосо.
Айтканыма көнбөсө,
Ашка басып келбесе.
Жонунан балак алдыртам,
Жолун таап кайрадан
Жоон абакка салдыртам!
Түтүнүн артка бурамын,
Түтөктөтүп жыгамын,
Түрмөгө кайра тыгамын!

Бабыр элең Чынарбек,
Бата берсе алып кайт.
Базар-Коргон тарапка,
Башыңды катпай барып кайт.
Айтылуу Акман жери бар,
Апсамат “пахта тер” десе,
“Ары бар, пахта тербейм” деп,
Азапка салган эри бар.
Акманга жетип бар ошол,
Аты-жыты кыргызга
Алынып турган дал ошол.
Ажолукту айрыкча
Сагынып турган жан ошол.
Сагызгандоорго азыркы
Саяпкер эле ал берен.
Салижан Жигит айткандай,
Ажолукка түбөлүк
Талапкер эле ал берен.
Чиркештин уулу Өмүрбек,
Чиркеп келсин чалдарын.
Чийдей тизип жеткирсин
Чикит чапкан балдарын.
Демос деген өлдү де,
“Горе от ума” болгондор
Горький деген аянтка
Колдору барбай көмдү де.

Тегениме көнсүн де,
Текебаев дегендер,
Тегиз ашка келсин де.
Айтканыма көнбөсө,
Ал ашыма келбесе.
“Ата Мекен” дегендин,
Элин чаап курутам.
Эшегин сайга улутам!
Калкын чаап курутам,
Качырын сайга улутам!

Андан ары жол жүрсөң,
Арып-ачпай мол жүрсөң.
Керемет Өзгөн шаарында,
Кенен Куршаб айлына
Келжектебей келип кайт,
Кезегин каттын берип кайт.
Бул өлүмдүн тездешин,
Барыладык деп айткын.
Буруттардын өлкөсү,
Жарыбадык деп айткын.
Барган сайын кургуйга,
Арыладык деп айткын.
Дене сатып байларды,
“Дарыладык” деп айткын.
Жерди сатып, картаны,
Жаңыладык деп айткын.
Демос деген шордуудан,
Ажырадык деп айткын.
Алгыр эле, эр эле,
Арстан жолун тоссо да,
Азуусунан сөз жааган
Аябаган шер эле.

(Уландысы кийинки санда)

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз эл акыны