Жолдошу эле тул сөздүн,
Жолборсу эле кур сөздүн.
Азуусу эле тул сөздүн,
Арстаны эле кур сөздүн.
Адахамды келсин де,
Келип салам берсин де.
Ал ашыма келбесе,
Айтканыма көнбөсө,
Эмдиги шайлоо болгондо,
Эл добушка койгондо.
Уюлунан басамын,
Урнанын баарын чачамын.
Кыйратамын дарманын,
Кызыл-жаян кыламын
Кысыталак балдарын!
Абийирин тетир кийгизем,
Атпай-журттун көзүнчө
Арзыматка айлантып,
Акүйгө айдап киргизем!
Андан ары жол жүрсөн,
Аягыңды аябай,
Ашуу кезип мол жүрсөң.
Атактуу Алай жагы бар,
Ал Алайды жердеген,
Адамдардын багы бар.
Күлүп турган күн менен,
Күлчө деген шаары бар,
Күнгө бышкан наны бар.
Төрт бурч болгон тамы бар,
Төргө өткөзүп сыйлаган
Төгөрөк бышкан наны бар.
Ошол нандын табында,
Оролгон жолдун жанында.
Исмаил деген палван бар
Исак чалдын жанында.
Погонго жылдыз мыктаган,
Портфелин сөзгө жыктаган.
Кагыша келген адамын
Кара жерге ныктаган.
Каршылашып алдынан,
Качырып душман чыкпаган.
Ардактап белин буунган,
Атадан артык туулган.
Ачуусуна тийгенин,
Алайга чейин куунган.
Семичкесин айдаган,
Серкесин күзгө байлаган.
Серпише келген душманын,
Сессияда жайлаган.
Билеги тоо, таш жүрөк,
Бил мүчөлүү бадирек.
Үмүтүн элдин ойлогон,
Үзөңгү-Куушту коргогон.
Айгайды салып кагаздан,
Акайдан жерин талашкан.
Кыргынды салып кагаздан,
Кытайдан жерин талашкан.
Исактын уулу Исмаил,
Исмаилге салам айт.
Апий катын аш берет,
Ошол ашка жетсин де,
Оромпойду тепсин де.
АКШдан келет бир өкүл,
Атын байлап берсин де.
Батыштан келет бир өкүл,
Баш оорукчан ит окшойт,
Башын кармап берсин де.
Арызы болсо айтсын де,
Аш бүткөндө кайтсын де.
Айтканыма көнбөсө,
Ал ашыма келбесе.
Төбөсүнөн басамын,
Төрөдөн алган жылдызын,
Төрт тарапка чачамын!
Мылтыктын оозун агытам,
Мыңкылдак куурай бышканча,
Мыйзамдын гүлү учканча
Мыктап алты ай салышам!
Ок-дарыны бүктөтөм,
Ой-боюма көнбөсө,
Ороп барып килемге
Ошун көздөй жүктөтөм!
Төбөңдөн урган Чынарбек,
Төрө шаар Бишкектен,
Төпөштөлгөн жан көрсө,
Төшөгүн салып “сиз” дешкен.
Төлөйканды келсин де,
Төркүнү эле Демостун,
Төгүп ыйлап берсин де.
Тетиги тоонун артында,
Темгил-темгил бели бар,
Тегеренме бели бар.
Ошол белди жердеген,
Бектур, Дүйшөн эри бар.
Бири Асан баласы,
Бири Чотон баласы.
Жүгүрүп турган берендер,
Жүрөктө жок карасы.
Демоскулдун ашы де,
Демжыйындын башы де.
Апий катын кадимки,
Ошол аштын башы де.
Горький деген аянтка,
Көк алачык конду де.
Эгемендүү калктардан,
Эларалык жактардан,
Мейман келе жатат де,
Мерчемдүү жерди басат де.
Чулу туяк бул экөө,
Чууга жакын турсун де.
Колго кармап кумганын,
Сууга жакын турсун де.
Дүжүрлөрдү өткөрбөй,
Тууга жакын турсун де.
ЖОКе жактын айрыкча,
Жолун мыктап буусун де.
Эт тартылар убакта,
Эңкейип сууну куйсун де.
Ашка бачым келсин де,
Айтканыма көнсүн де.
Айтканыма көнбөсө,
Ашка бачым келбесе,
Азабымды эки эрен
Ат үстүнөн көрсүн де.
Белимди бекем бууймун,
Беш жылы катар тууймун.
Бектур, Дүйшөн экөбүн,
Бээжинге чейин кууймун!
Акыйтып жолун бууймун,
Алты жыл катар тууймун.
Ант урган Бектур, Дүйшөндү,
Алжирге чейин кууймун!
Андан ары тартарсың,
Айдар Ч. өзүң байкарсың.
Чаар өтөктөн өткөндө,
Чамбыл ала бели бар,
Чапанында меңи бар.
Какыраган бели бар,
Камсалинде меңи бар.
Өрүгү жерге төгүлгөн,
Өрүгүн жеген адамдар
Өлбөчүдөй көрүнгөн.
Данеги жерге төгүлгөн,
Данегин жеген адамдар,
Дарт албастай көрүнгөн.
Баткен деген жер болот,
Бакырларга байымдуу
Баба дыйкан эл болот.
Таштарында кени бар,
Талаасында деми бар.
Талаша түшүп басылган,
Тажик менен чеги бар.
Нук пайгамбар нуру бар,
Нукура кыргыз жугу бар,.
Кут пайгамбар нуру бар,
Кудай пенде кулу бар.
Дова кылар ую бар,
Дорбосунда уну бар.
Дооруктап дарсын окуган,
Досбол Нуру уулу бар.
Аянтына Горькийдин
Алыс менен жакындан
Баштар келет деп айткын.
Өпкө менен чабышат,
Таздар келет деп айткын.
Бир бечера дайраны,
Жөө кечет экен деп айткын.
Жылаңач катын кембагал
Төө чечет экен деп айткын.
Ушулардын баарысын,
Өз кезү менен көрсүн де.
Док кылбай бачым келсин де.
Доктор үндүү жан эле,
Доклад окуп берсин де.
Ал кызыкты көрбөсө,
Айтканыма көнбөсө,
Дигерин бууп бузамын,
Директирлер чогулткан,
Дипломун тытамын.
Өрт алгандай басамын,
Өрүгүн сууга чачамын.
О, Чынарбек чырагым,
Оосуруп ийбей чыдагын.
Бир-эки күн байкарсың,
Бишкекти көздөй кайтарсың.
Мына ошондо жолугуп,
Алевтина айымга,
Озунуп тургун деп айткын.
Аза киймин кийинип,
Отуруп тургун деп айткын.
Колуна кармап крестин,
Чокунуп тургун деп айткын.
О,
Куюнгөтөн Чынарбек,
Куйругу жок кеп келди.
Эми,
Кубаакы ашар кез келди.
Туулган жериң Кочкорду,
Туура салып байкап өт.
Турдакун атаң мекенин,
Туталантпай жайкап өт.
Жайкабасаң жарандар,
Тоздоп ийип жүрбөсүн.
Опузасын Ормондун,
Козгоп ийип жүрбөсүн.
Акүй айтты деп коюп,
Солой салып абакка,
Соттоп ийип жүрбөсүн.
Балыкчыга барбай өт,
Балыгынан албай өт.
Ырбачыга барбай өт,
Ырсайып жолдо калбай өт.
Жумгалда жок жулунма,
Жумушуң жок болгон соң,
Жумгал жакка бурулба.
Сайдан сайга урунба,
Саясатка сак болот,
Саяктарга бурулба.
О,
Доолдай чапан Чынарбек,
Долонду ашып аларсың.
Долонду ашып алган соң,
Күкүктөнгөн кол кетет,
Күн Чыгышка жол кетет.
Тескейинде кары бар,
Тектиринде малы бар.
Карагайы каланган,
Канжары жок аязы
Карышкырдай жаланган.
Ташында ызгаар жалын бар,
Таш-Башат деген айыл бар.
Ошол Таш-Башатты жердеген,
Акундун уулу Турсунбек,
Азапка туулган эр деген.
Чууну көрсө кулаган,
Чуу чыгып жатат деп айтса
Чума тийген немедей,
Чукчага чейин чураган.
Калайман түшсө сүйүнгөн,
Калайман түштү
деп айтса,
Катыны эркек туугансып,
Каирге чейин жүгүргөн.
Чуңкурга салса муздабас,
Чуу чыкты десе түгөнгүр,
Чучук жечү чалга окшоп,
Чук этип такыр уктабас.
Ошол,
Акундун уулу Турсунбек
Алып-учуп келсин де.
Аксым Горький аянтын
Алты айлантып чуу кылып,
Айгай салып берсин де.
Айтканыма көнсүн де,
Айтканыма көнбөсө,
Аш зыйнатын көрбөсө.
Улан-кызын сабатам,
Укугун итке талатам.
Компенсация аласың,
Кое тур дегин намазын.
Жайнамазын унутсун,
Жай жатып калган бул элди,
Жакалап бир аз курутсун.
Тыягын азыр унутсун,
Тынч жатып калган бул элди
Тытмалап бир аз курутсун.
Антелбаса Акундун,
Азыткы жинин кагат де,
Ашаттырбай терисин,
Айрып алып жонунан,
АКШсына жабат де.
Башынан жинин кагат де,
Басып алып терисин
Батышына жабат де.
Чырым көкүл Чынарбек,
Чыгынып артка кайтып бар.
Чыныгы баатыр Нарында,
Чыңырып салам айтып бар.
Чыргоолуу кыштын жолунда,
Чылк Нарындын боюнда.
Чыпалак менен согушкан,
Чыныгы дөө оюмда.
Шаркыратманын оюнда,
Шайли кыз менен согушкан,
Шаанилүү баатыр оюмда.
Иштеген иши калың кеп,
Ишенбай, теги Кадырбек.
Ат-Башыдан жылкы алып,
Ак-Сайынан курут алып.
Ашка жетип келсин де,
Аш өткөзчү мыйзамдын
Азбукасын берсин де.
Тирикарак жан эле,
Тим жатпастан келсин де.
Тигирлердин тиштери
Тиштиккендей мыйзамды,
Тигип-тигип берсин де.
Ат-Башы жактан бир дүжүр,
Ат байгеге саябыз, анысын ала
келсин де.
Айтканыма көнсүн де,
Айтканыма көнбөсө,
Так өзүм кызык баштаймын,
Таноого тырмак айштаймын.
Бетешип кызык баштаймын,
Бетине тырмак аштаймын.!
Замира деген зайыпка айт,
Заардан туруп келсин де.
Заманына жараша,
Заарын чачып берсин де.
Зарылып турбуз гезитке,
Заявкасын берсин де.
Жайма базар жанында,
Жарма саткан Алмашка айт.
Жарыбаган жанагы,
Жарды-жалчы жармачка айт.
Алты завод иштеткен
Аябаган эр эле,
Атамбаев Алмазга айт.
Адыр менен тегизге айт,
Арык менен семизге айт.
Аралай чаап дүйнөнү,
Аптап менен деңизге айт.
Алыс менен жакынга,
Аргын менен немиске айт.
Басма сөздүн мыктуусу,
Баарысынан сайсатка
Басыгы мол ыктуусу.
Адамдын алы жетпеген.
Акүйдөн болөк арстандын
Алышып тиши өтпөгөн,
“Агым” башы Мелиске айт.
Түбү бирбиз деп жүргөн,
Түйүнчөктүү Пуловго айт.
Түркүн ойдү мүлжүгөн,
Түрмөдөгү Куловго айт.
Ажыбек кызы Клара,
Жакадагы бийликти,
Жаман көргөн жан эле.
Кожосу көп бийликти,
Кокуй көргөн жан эле.
Кошулсак деп оруска,
Туу көтөргөн эжекең.
Өзү жалгыз болсо да,
Чуу көтөргөн эжекең.
Ошол эжең келсин де,
Орус тилде кокуйлап,
Конок келип бүткөнчө
Кошок кошуп берсин де.
Андан бери басканда,
Акуновдой абаң бар,
Аттан түшүп аган бар.
Демос деген өлдү де,
Делбектеген дейди кул
Деловой болуп кетти эле,
Көргүлүктү көрдү де.
Бу,
Куучирендин ашына,
Кусматы болсо жетсин де.
Кудалык жайы бар эле,
Кудагыйды жанга алып,
Куран окуп кетсин де.
Деп ошентип бул долу,
Айдар уулу Чынарга
Аманатын тапшырды.
Алты жүз миң адамга,
Арип катын жаздырды.
Алты күндө келсин деп,
Аксым Горький аянттан
Ааламга кабар айттырды…
(Аягы)
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз Эл акыны