Домой Саясат Деги соо саясатчы барбы?

Деги соо саясатчы барбы?

338
????????????????????????????????????

????????????????????????????????????

Ааламдашуу мезгили келди деп апырта беребиз. Бирок, мунун оң жагынан тескери жагы көп окшойт. Илгери үлкөн саясатчынын бир илинчегин табыш үчүн”үч тамганын” оперлери айлап эмес, жылдап сары изине чөп салып жүрүп, араң өтөлүнө чыгышчу. Эми ал кезде азыркыдай шарт жок эле. Шүгүр дейли, азыр түндөбү, чак түштөбү каалаган уникалдуу эпизодду шык эттирип тартып алууга сонун жагдай түзүлдү. Керек болсо, сага кызмат кылып, чуркап жүргөндөр деле “шектүү” нерсени заматта тартып алып, керектүү кишиге акырын жылдырып коёт.

Не деген “порно жылдыздар” жарк этпеди дейсиң. Катыра иш кылган Өмүрбек Текебаевдин “порно сүртүмдөрү” далай келиндерди тамшандырды го. Муфтий Рахматулла ажынын акыштуу тасмасы өзүнүн түбүнө жеткирди. Ө. Бабановдун ойсокелери тууралуу да көбүртүп келишет. Белгилүү ырчынын кечки “жоортулу” аркылуу өлкөнүн биринчи адамына байланышы бар дегенди чапташты. Дагы далай деген интригалуу кептер кетти. Ал тургай кыйын опер деген Мелис Турганбаевди да башкы каарман кылууга аракеттеништи. Тирүүлүктө ар кандай окуяларды баштан кечирет экенсиң. Кезинде тышкы иштер министрлигин мыкчыган Аликбек Жекшенкуловду “Жек” деп эркелеткен журналист айымдын “эскерүүлөрү” али эстен чыгалек. Безип кеткен мурдагы президенттин үкалари тууралуу икаялар толтура болчу. Аларды сары майдай сактап жүргөндөр бар. Зарыл болсо баланча миң долларга сатып жиберүүгө даяр турушат. Ачыла элек сандыкта канча сырлар жатканын эч ким азырынча билбейт.

buy 40 mg levitra with dapoxetine. Ruslan-Kazakbaev

Кызык, өткөндө баягыл эле укмуштуу окуяларды үңүлүп изилдеген гезитте эки жоромол жорголоп өттү. Болгондо да мурдагы спикер Акматбек Келдибеков менен экс-министр Руслан Казакбаевдин “жоортулдары”  боюнча. Чамасы чиркейдин канатындай кабарды чиймелеген киши ошол порнолорду көргөн шекилди. Анткени кантип кыздарды кыйнаганы тууралуу кыйытып Акматбектин образын бергенинде. Ал эми Руслан болсо улам теминип далай сонундарга батыптыр дейт кємїскєдєгї автор. Эми алар тууралуу эч кандай маалымат берилбейт. Кайрандар бери жагы 100 миң доларга зыян болушту го? Андан төмөнгө бул соргок эргул макул болбойт. Анткени ошол тасманы колуна салгандарга да өз “долясын” берет да? Айтор, түнкү аң улоолор, опурталдуу икаялар бүгүн, же эртеў токтобостур…