Домой Маданият Дээринде бар экен бийиктеп баратат

Дээринде бар экен бийиктеп баратат

712

Биздин элде жаман бир адат бар. Дегинкисинде качан эле таланты барларды, турмушу өйдөлөгөндөрдү, жолдуу болгондорду жактырчу элек? Буга далил мисалды келтире кетели. Маселен, КРнын эмгек сиңирген артисти, журтчулукту жагымдуу авазы менен арбап алган, чырайлуу Самара Каримованы эмне үчүн кээ бирөөлөр таптакыр көргүсү келбейт? Каерге барбасын артынан көлөкөдөй ээрчип, жаман пикирин жазгандан тажабайт? Анткени булар өзү ошондой талантка ээ эмес, экинчиден көралбастык дартына чалдыгып калышкан. Болбосо булардан көйнөк сурабаган, бересеси жок Самарага неге асылышмак эле?

Антсе да улам барган сайын жаңы ачылыштарды жасап, репертуарын байытып, ырдап, бийлеп, ролдорду аткарып кадыры калыңдап бараткан Каримованын курган сепили улам бийиктеп баратканы алаканга салгандай байкалууда. Орус, жапон, кытай, түрк, өзбек, уйгур тилдеринде тимеле өзүндөй шаңшыткан ырчыга кол чабуулар күндөн-күнгө күчөп баратканы айрымдардын ичин туз куйгандай ачыштырганы деле чын. Бирок, эбегейсиз таланты барларды басынтууга мүмкүн эместигин Самара тастыктап таштады. Тийишкен сайын түзөлгөн, сындаган сайын тик сайылган Самарага Асан мырза арка-жөлөк болгону ого бетер бул үй-бүлөөнү ширелтип жатат. Москваны багындырган бул кызыбыз келечекте батыштын көрүүчүлөрүн да алакан чаптырат деп бекем ишенебиз.

Ж. Улукшер

Булак: Ачык сөз