Домой Саясат Дебаттан “нокаут” болгон Ѳмүрбек Бабанов

Дебаттан “нокаут” болгон Ѳмүрбек Бабанов

58

american pharmacy cialis. 19554713_814748405372937_8852127012378014443_n

 

Ушундай сөздү социалдык тармактын колдонуучулары көп колдонуп, талапкерлер арасында болуп өткөн дебатты кызуу талкуулап атышат. Коомчулук буга чейин Сооронбай Жээнбековду жоош, жетеленме деп ойлоп келишкен. Бирок 4-октябрдагы дебаттан кийин анын улуттун көчүн татыктуу улап кете турган, күчтүү лидер экенине күбө болушту.

Айрыкча башкы оппонентти Ѳмүрбек Бабановду реалдуу далилдер менен калпын чыгарып, экономикалык фактыларды, көрсөткүчтөрдү санап бергенде, Өмүкенин көзү бир жерге токтобой алапайын таппай калды. Коркок же шылуун кишинин көз карашы ушундай болот.

С. Жээнбеков Ө. Бабановго: “Сиз айткандын баары калп. Ушул жерге чыгып алып калп айтпай, калпты башка жерде айт. Сен премьер-министр кезинде түшүп кеткен ИДПны мен көтөрдүм. Сени саясатка келген балапан кезиңден бери билем. Коррупцияны мына мен сенден биринчи баштайм. Сот менен чечкен миллиарддарды кайра кайтарам. Мен Кудайдын алдында таза кишимин”, — деп каккан казыктай матап айтканда Бабанов жалдырап эле туруп берди.

Кыйын болсо, таза болсо татыктуу жооп кайтарат эле. Андан сырткары Бабанов кайра эле “Коопсуз шаар” темасын көтөрүп элге күйүмүш болду эле, Жээнбеков “Коопсуз шаар” долбоору так ошол Бабановдун айынан ишке ашпай калганын аргументтер менен айтып, оозун жап кылды.

Ушул дебаттан кийин Сооронбай Жээнбековдун рейтинги катуу өстү. Себеби ал булганбаган, татыктуу жана өзүнө ишенген, кыргыз көчүн кыйшайтпай алып кете турган кыргыздын лидер уулу экенин далилдеди. Эл анын лидерлик сапатын, Бабановдун маска тагынбаган жүзүн көрүштү. Мурда Бабановду колдоп келгендер эми кадимкидей айный башташты.