Домой Аналитика Дастан Бекешев: Башкы прокуратура “монстрга” айланып кетти

Дастан Бекешев: Башкы прокуратура “монстрга” айланып кетти

12

Башкы прокуратура “монстрга” айланып кетти. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, Башкы прокуратура бардык укук коргоо органдардын ыйгарым укуктарын өзүнө алып алган.

Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура  “монстрга” айланып кетти. Мыйзамды сунуштайт, мыйзамдын аткарылышын камсыздайт, мыйзамды өзгөртөт. Бул деген укук коргоо органдарынын бардык ыйгарым укуктарын өздөрүнө алып алды.

Прокурорлор мыйзамды бузса биз кимге кайрылабыз“,- деди Бекешев.