«Жаңы токтомдо дарыгерлердин айлык акысынын суммасы же шарттары эч өзгөрбөйт. Айрым процедуралык маселелер үчүн гана өзгөртүлүп жатат», — деди Жумакеев.
Министрлик учурда өкмөттүн токтому даярдалып жатканын жана жакын арада кабыл алынарын кошумчалады.
Буга чейин Интернетке саламаттык сактоо министри Сабиржан Токтосуновдун колу коюлган буйруктун сүрөтү жарыяланган. Анда 15-апрелде кол коюлган эпидемологиялык кырдаалдан улам медициналык кызматкерлерге айлык-акы төлөө боюнча буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө айтылган. Мындан улам айрым түшүнбөстүктөр жаралган болчу.
Булак: Азаттык