Домой Аналитика Дарыгер Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий наамын жокко чыгарууга чакырды

Дарыгер Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий наамын жокко чыгарууга чакырды

61

2020-жылы коронавирус күч алганда Москвадан Кыргызстанга келип кызыл зонада иштеген дарыгер Айсулуу Атаканова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдинилимий наамын алууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазган.

Ал өз кайрылуусунда КММАнын жамаатына жана Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, Бейшеналиевдин илимий даражасы боюнча чара көрүүнү суранган.

Ал Кыргызстандын илимий коомчулугунун беделин түшүрдү, жүздөгөн профессорлордун жана илимдин миңдеген кандидаттарынын кадырын түшүрдү. Министрдин бул аракетинен кийин диссертациялар жана илимий наамдар эч нерсеге арзыбайт. Ал мыйзамды гана бузбастан, медицинанын да мыйзамын бузду“,- деп билдирүү калтырган Атаканова.