Домой Коом Дарыгелердин маянасын көтөрүү демилгеси — улуттун келечегин ойлогондук

Дарыгелердин маянасын көтөрүү демилгеси — улуттун келечегин ойлогондук

63

SAB_7379

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу ооруулар клиникалык ооруканасына барган учурунда өкмөт медициналык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү маселесин карап жатканын кабарлады. Маянанын аздыгына даттанып келген ак халатчандар үчүн бул жагымдуу кабар болду. Өкмөт башчысынын бул демилгеси тууралуу өлкөбүздөгү белгилүү дарыгерлердин пикирин уктук.

 

adriana lima. Миталип МАМЫТОВ, академик, Кыргыз Эл Баатыры:  “Жээнбековдун биздин ак халатчандарга көргөн камкордугу эң жакшы кадам”

— Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун биздин ак халатчандар тууралуу айткан кеби эң жакшы кадам деп эсептейм. Ѳкмөт башчысы катары жакшынакай иштеп, айткан убадаларын аткарып, сөзүнө бекем туруп келе жатат. Андыктан, С.Жээнбековдун медицина кызматкерлери үчүн жагымдуу кабар айтканы – анын келечекти ойлогон, болгондо да улуттун келечегин ойлогон, кыйын абалда иштеп жатышкан дарыгерлерге камкордук көргөнү эң жакшы нерсе деп баса белгилеп айтаар элем.

 

Ташполот БАЛТАБАЕВ, КР эмгек сиңирген дарыгери, профессор: “Өкмөт башчысынын ооруканага баш бакканы жакшы көрүнүш”

— Албетте, премьер-министрдин аталган ооруканага баш бакканы абдан жакшы көрүнүш. Биздеги медицина өзү Союз ыдырагандан бери өнөкөт ооруга чалынып, “дарыланбай” келе жатат. Мен медицинадагы тынымсыз конкреттүү сунуштарды 20 жыл бою берип келдим. Кесипкөй саясатчы катарында. Улуттун саламаттыгы – чоң саясаттын маанилүү пункту.