Домой Коом Даниел Ажиев СИЗО-1де сабалганын адвокаты айтып чыкты

Даниел Ажиев СИЗО-1де сабалганын адвокаты айтып чыкты

103

Улут аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, камакка алынган Даниел Ажиев СИЗО-1де сабалган. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 18-майда Даниел Ажиевдин баш коргоо чарасы узартылышы керек болчу. Бирок, Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев өзгөчө кырдаал режиминдеги ЖАМКтын эрежелерине таянып, соттолуучуну алып келбей тургандыгын билдирген.

“Менин кардарымды сабап салышкан. Бирок, ЖАМК бул фактыны четке кагып, эч ким ага колун тийгизбегени тууралуу түшүндүрмө кат жазганын айтты. Тергөөнүн судьясы Абдразак Боромбаев тергөөчү менен бирге тергөө изоляторуна барышым керектигин, кардарымда бардыгы жайында экенине ынанып, акт түзүп, андан кийин сотко келип, ансыз санкцияларга катышуум керектигин айтты. Бул, менимче, кабыл алынгыс нерсе” – деп билдирди адвокат.