Домой Саясат Дамир САГЫНБАЕВ: “Коррупцияга каршы күрөш күч түзүмдөрүндө, соттордо, прокуратура органдарында башталды жана...

Дамир САГЫНБАЕВ: “Коррупцияга каршы күрөш күч түзүмдөрүндө, соттордо, прокуратура органдарында башталды жана бул өнөктүк ар бир тармакта улантылат”

45

              p6a9969.730x0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 14-марттагы маалымат жыйынында коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөш, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин ишке ашуусу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысынын айтымында, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күч түзүмдөрүндө, соттордо, прокуратура органдарында башталды жана бул өнөктүк ар бир тармакта улантылат. Ошондой эле буга чейин УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы токтоткон жана кыскарткан кылмыш иштери иликтенүүгө алынууда. Анын белгилешинче, бул иштер Башкы прокуратурага өткөрүп берет. “Бул иштер Коопсуздук кеңешинин катчылыгына келип түшүп, 12-мартта президенттин кароосуна жиберилди. Андан ары 1-июлга чейин бул иштердин иликтениши боюнча мамлекет башчыга кошумча маалымат берилет”, — дейт ал.

Д.Сагынбаев мамлекеттик кызматтарда, күч түзүмдөрүндө иштеген жетекчилердин киреше-чыгашалары да дыкаттык менен иликтене турганын, ар кандай коррупциялык иштерге аралашкандар катаал жазага тартыла турганын кошумчалады.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков милицияны полиция кылып өзгөртүп, анын ишин жакшыруу керектигин билдирген. Коопсуздук кеңеши бул процесске көмөк көрсөтүп, анын натыйжалуу ишке ашышына салымын кошо турганын Д.Сагынбаев билдирди. “Жеке өзүм милицияны полиция катары өзгөртүү канчалык жыйынтык бере турганыны тууралуу эч нерсе айта албайм. Муну дагы кылдаттык менен талкуулаш керек. Аты өзгөрсө ага бюджеттен канча каражат керектелерин да иликтеп чыгуу зарыл”, — дейт ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы президент тарабынан конкреттүү тапшырмалардын берилгенине бир ай болгонуна карабастан бир топ иштер жасалганына токтолду.

precio de cialis en farmacia.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-февралда өткөн жыйынында укук коргоо, сот, прокуратура органдарынын жетекчилерин сынга алып, аталган органдарда коррупция терең тамыр алып кеткенин белгилеген жана муну жоюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген. Эми “ак карга” болгон чыныгы паракорлор жазаланганы калды. Коомчулук да президенттин мындай демилесин кубаттап, ал эмес жарандык коом да чечкиндүү кадамдарды талап кылууда. Өлкө башчысында коррупция менен күрөшүүгө чечкиндүү эрки бар, ага эми коомчулук да жардам бериши керек.