Домой Аналитика Дамир Мусакеев: “Алмазбек Атамбаевди Кытайдан келатканда, учакты кыйратып, өлтүрүү аракети болгон»

Дамир Мусакеев: “Алмазбек Атамбаевди Кытайдан келатканда, учакты кыйратып, өлтүрүү аракети болгон»

9295

Дамир мырза, учурда эмне менен алек болуудасыз?

— Учурда үйдө эле болуп жатам. Ата-энем, дос-туугандар менен катташып, мурда баралбай калган жерлерге барып куран түшүрүп. Анан жумасына бир жолу сотко барып коем. Жогорку сот мурдагы чечимдин баарын жокко чыгарып, райондук сотко, биринчи инстанцияга жиберген. Ал жактан мурда каралбай кеткен, сурабай калгандарды кайра башынан карап, тактап, соттук териштирүүлөр өз нугунда жүрүп жатат. Азырынча баары мыйзам чегинде жүрүүдө.

— Сизге каршы көрсөтмө бергендердин көрсөтмөлөрү эмне болуп жатат?

— Мага каршы эч ким көрсөтмө берген эмес. Ошол кезде он беш адамды прокуратурага алып барып, коркутуп суракка алып, күчкө салып көрсөтмө алышкан. Алардын бир эле максаты болгон — мени камоо. Жабырлануучулардын баарысы ошол убакта эле айтышкан, мага болгон арыз-дооматтары жок экенин. Бүгүнкү күндө дагы ошону тастыктап жатышат.

— Алмаз Шаршенович Сиздин жаныңызда өзүн коопсуз сезчү, ошондуктан бийлик Сизди биринчи кармоону пландашкан дешет?

— Менин жанымда Алмаз Шаршенович өзүн коопсуз сезгенби же жокпу эми аны өзүнөн сураш керек. Бирок, кызматтан кетип, Алмаз Шаршеновичтин жанына баргандан баштап эле мага карата чабуулдар, сатып алууга аракеттер башталган. Маселен, «форумга барба, кайра кызматка кел» деген сыяктуу азгырууларды кылышты. «Мен өз колум менен арыз жазып, кызматты тапшырып бергенден кийин кайра кантип барам? Андайга баралбайм» дедим. «Атамбаевдин жанынан кет!» дешти. Мен Алмаз Шаршеновичтин жанына өзүм баргам. Ал мага миллиондорду төлөп берген жок, өз эрким, өз каалоом болду. Алмаз Шаршеновичтин жанында болууну, кам көрүүнү, коопсуздугуна сактап берүүнү туура көрдүм. Анткени президент кезинде мага ишенип жогорку кызматка койду. Убагында азбы-көппү жакшылыктарын көрдүк. Менден да жакшы жакшылыктарын көрүп, миллионер болгондор басып кетип калышты. Топтогон байлыктарынан ажырап калуудан коркушту. Менин абийирим жана намысым жол берген жок, ошол себептен калдым. Мен өз ишимди так, мыйзамдын чегинде, инструкцияда көрсөтүлгөндөй аткарып, алдап кетпей, маалыматты убагында берип, кыскасы, жогорку кызматтагы адам кандай кайтарылышы керек болсо, ошондой кылып, бардык күч-аракетимди жумшагам.

Мени шашып камашкандарынын себеби, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги Алмазбек Атамбаевди саясий аренадан болобу же мамлекеттен чыгаруу же биротоло өлтүрүү максаты болгон. Аларга далил катары, бийлик чет өлкөдөгү сапарларында, мамлекеттин 9-кызматынын кызматкерлерин жанына коштоп жүрүүсүнө тыюу салган. Атамбаевдин, “коштоп жүргөн кызматкерлердин бардык чыгымдарын өзүм көтөрөм, мамлекетке бир тыйын чыгым келбейт”-деп айткандарына да карабай, баш тартышкан. Мен жанымда куралым жок, тобокелге салып эле коштоп кайтарып барчумун. Андан сырткары, чет өлкөдө жүргөндө белгисиз, таң калычтуу Атамбаевдин коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болгон. Анын баары УКМКга маалымат катары билдирилген. Бирок, алар эч кандай реакция жасашкан эмес. Жада калса Кытайдан учуп келе жатканда учактын маңдайкы айнеги жарака кетип, бычыранып кеткен. Кудайдын колдоосу менен аман калганбыз. Бул атайын жасалган. Ушул күнгө чейин ал сыр ачыла элек. Форумга Атамбаевдин иш бөлмөсүнө атайын тыңшоочу аппаратты киргизүүнү көздөшкөн. Бирок, өз убагында чара көрүлгөндүктөн, ал арам максаттары ишке ашпай калган. Мени камагандан кийин Кой-Таш окуясы болду.

Кечээ жакында 9-октябрда борбордук аянтта Жээнбековдор Атамбаевди өлтүрүү аракетин жасашпадыбы. Демек, Жээнбековдор бийликтен кетип бара жатып да, Атамбаевди жок кылууну көздөшкөн. Ошол боюнча Бабановдун да айтканы бар. Ошондой эле, “Жээнбеков өзү, аянттагы адамдардын көпчүлүгү меники болчу – деп айтты” — деген, Текебаевдин маеги интернетте жүрөт го. Ошол арам ойлорун ишке ашырууда мени тоскоолдук жаратып келген деп жүрүшкөн. Бирок Алмазбек Атамбаевди бир гана Кудай өзү сактап келет.

Кытайда асманга көтөрүлгөн учактын бычыранган айнеги

— Азыр соттук териштирүүлөр бийлик жагынан кысым болбой элеби, өз нугунда жүрүп жатабы?

— Учурда өтүп жаткан сот — экинчи сот. Биринчи сот мурунку бийликтин тушунда болгон, анда шашып-бушуп, эптеп ишти эртерээк түрмөгө камоонун аргасын кылышкан. Соттук териштирүү учурунда эле өкүм чыгарып койгондой эле сезилген. Азыр шашпай, дыкат текшерилип жатат.

Алмаз Шаршенович менен байланышып, кабарлашып жатасызбы?

— Алмаз Шаршеновичке мен түрмөдөн чыккандан кийин ысык тамак киргиздим бир жолу. Өзү менен түздөн-түз байланыш жок. Кирип чыккан адамдардан салам айттырып, ал-акыбалын сурап жатам.

Түрмөдө эки жылга жакын отурдуңуз, эмнеси сизге сабак болду, эмнеси менен эсиңизде калды түрмө?

— Мен түрмөдө жатканда жаргондор менен сүйлөбөөгө аракет кылдым. Карта ойнобогонго, көпчүлүк учурда ал жактан чылым чегип, башка кылып бузулуп кетишет деп ойлошот, мен болсо алардын баарынан оолак болуп, убактымды текке кетирбей, китеп окуп, спорт менен алек болуп, ден соолукка кам көрүп, пайдалуу өткөрүүгө аракет кылдым. Түрмөдө жатып ата-энемдин, бир тууган жана жакындарымдын баркын билип, кадырын сездим. Эркиндикте жүргөндө баалабайт экенсиң, андыктан эркиндикти бааладым. Эркин жүрүп бай экенибизди билбей эле, күнүмдүк көр оокат менен алек болуп, убакытты, эркиндикти баалай бербейт экенбиз. Жана дагы сөздү баамдан, тактап сүйлөш керек экенин билдим. «Айтылган сөз — атылган ок» дегендей, ал жакта ар бир сөзүңө жооп бересиң, андыктан сөздүн баркын билдим.

Азыркы Садыр Жапаровдун бийлигине көз карашыңыз кандай?

— Мен эми саясатчы эмесмин да, саясатчы болсом ишине анализ жүргүзүп, туура же туура эмес деп айтып бермекмин. Мен жөнөкөй кыргыздын жараны катары айтсам, бул киши ажо болуп жаңы эле келди. Москва бир күндө курулган эмес, ар бир иштин убактысы болот, бак тигер менен эле түшүм албайсың да, анын сыңарындай бул адамдын ишине кийин, ишинин жыйынтыгы көрүнө баштаганда анан баа бериш керек. Убакыт бериш керек. Болгон аракетин көрүп атат. Бул киши деле жаманды-жакшыны, түрмөнү көрдү. Элдин үмүтү чоң.

Чоң саясатка баруу ниетиңиз барбы?

— Саясатка баруу оюмда деле жок. Өзүмдүн соттук териштирүүлөрүм бүтсө, ишим акталып, кайра кызмат берсе кызматка барам. Мамлекетке эле кызмат кылуу оюм бар. Саясатта жүргөн адамдарды көрдүм.

Алмаз Шаршенович кызматтан кеткенден кийин Сооронбай Жээнбековду кайтарып калдыңыз, бирок, бир аз убакыттан кийин кетип калдыңыз, эмне себеп болду? Эмне себептен дароо эле Алмаз Шаршенович менен кетип калган жоксуз?

— Мен дароо эле кетип калайын дегем. Алмаз Шаршенович өзү деле билет. Инаугурациянын эртеси саат 9да Сооронбайдын үйүнө баргам. Уктап аткан экен, аялын ойготуп көк чай берип, сүйлөшүп отуруп кетүү тууралуу арызымды бердим. «Сооронбай Шарипович, президент болдуңуз. Мен кетейин, Аламаз Шаршенович менен болоюн, сиз өзүңүзгө жаккан адамды коюп алыңыз», — деп айттым. Болбой койду, «кетпе эле кетпе, кал» — деп. Эки адамды салыштырып койсо болот экен: көз карашынан, иштеп аткан ишинен, сага кылган мамилесинен, сага ишенип атабы-жокпу. Аныкы дароо эле билинди жактырбай баштаганы. Мусакеев Атамбаевге сөз ташып атыптыр дей башташты, андан кийин чет өлкөлөргө чыгарбай баштады. Өтө майдачыл адам экен. Мен кеткенден кийин үч жетекчи алмаштырды. Бирок 9-кызматка мен кылгандай ишти, кызматты бирөөсү да кыла алган жок. Мен иштеп жүргөндө, кызматкерлерим да танбайт, спорт зал болобу, имараттар, авто техникалар болобу — бардык жактан жылыш болгон. Айлык акысы да жогорулаган.

булак: oper.kg