Домой Саясат “ДАКАНСАЛАРдын деңгээли ушул”. Асхат Осмоновго Жакшылык Матанов жооп кайтарды

“ДАКАНСАЛАРдын деңгээли ушул”. Асхат Осмоновго Жакшылык Матанов жооп кайтарды

73

“Кыргыз эне тилибизди маскаралоого жол бербейбиз”. Бул тууралуу “Интеллект” билим берүү борборунун башкы директору Жакшылык Матанов Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Асхат Осмоновдун 4 баласын кыргыз тилдүү мектептерден чыгарып алганына карата жооп кылып жазды.

“Креатив Билим Берүү Комплекси кыргыз тилдүү эң алдыңкы мектептердин бири. Баасы дагы абдан кымбат эмес. Асхат мырзанын мындай ой жүгүрткөнү өзү туура эмес жана мамлекеттик кызматтарда мындай ой жүгүрткөн адамдар иштөөгө моралдык укугу жок. ДАКАНСАЛАРдын деңгээли ушул”, – деп жазган ал.

Эске салсак, Асхат Осмонов Фейсбук баракчасына “директорлордун, мугалимдердин орой жана шалаакы мамилесин көрүп, кыргыз тилдүү мектептердин сапатсыз билиминен баш тарттык” деп жазган. Ал 4 баласын орус тилдүү мектепте окутууга аргасыз экенин кошумчалаган.

Асхат Осмонов 2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоого катышкан. Ал “Чоң-Казат” партиясынын 15-тизмесинде жумушсуз деп катталган болчу. Ал былтыр 6-октябрга караган түнү Бишкек мэринин ордуна келем деп катуу аракет кылып, көп өтпөй ал идеясынан баш тартканы менен көпчүлүктүн эсинде калды.

булак: najdak.kg